Куймак

Куймак

ТОРЧОЛУУ КУЙМАК

 

Керектүү азыктар:

Ун – 1 стакан
Кант упасы – 1 аш кашык
Жумуртка – 3 даана
Сүт – 1 стакан
Каймак май – 100 грамм

 

Даярдоо жолу:

1. Чуңкур идишке унду салып, ага кант упасын кошобуз. Эми буга жумуртка менен сүт кошуп аралаштырып, жакшылап чалабыз.

2. Каймак май эритилип, куймактын камырынын үстүнө куюлат. Баарын аралаштырып, жылуу жерге 30 мүнөт коёбуз.

3. Ысык көмөч казандын бетин майлап, камырдан аздан куябыз. Камыр көмөч казанда тегиз, жука жатышы зарыл. Анткени жука болсо гана торчолору билинип, кооз көрүнөт. Көптөн куюп жиберсе куймак калың болуп, торчолору жакшы билинбей калат.

 

kujmak 1АЛМА КУЙМАГЫ

 

Керектүү азыктар:

Минералдык суу – 1 бөтөлкө (0,5 л)
Ун – 1 стакан
Кумшекер – 1 аш кашык
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Алма – 1 даана
Туз – бир чымчым

 

Даярдоо жолу:

Минералдык сууга (“Есентуки” же “Боржоми” болсо жакшы) унду аз-аздан салып куймактын камырын (каймактай коюу) даярдап алабыз. Камыр аралаштырганда көбүрөт. Буга туз, кумшекер, өсүмдүк майы, сүргүчтөн өткөрүлгөн алманы кошобуз. Эми бети майланган көмөч казанга бышыра берсек болот.

 

kujmak 3ЭТ КУЙМАГЫ

 

Керектүү азыктар:

Жумуртка – 3 даана
Сүт – 2,5 стакан
Ун – 1,5 стакан
Кумшекер – 3 аш кашык
Туз – чай кашыктын төрттөн бири
Көптүргүч (разрыхлитель) – 1 чай кашык
Уй эти (фарш) – 500 грамм
Пияз – 1 баш
Каймак май жана өсүмдүк майы – 1аш кашыктан

 

Даярдоо жолу:

1. Идиштеги бир аз сүткө жумуртка, кумшекер, каймак май, туз, көптүргүчтү кошуп чалабыз. Булардын үстүнө ун менен калган сүттү аз-аздан кошуп, улам чалып туруу керек. Болбосо ун тоголоктошуп калат. Эми фарш даярдалат.

2. Пиязды туурап, өсүмдүк майына кууруйбуз. Буга фарш кошулуп бышырылат.

3. Ысыган көмөч казанга 1 аш кашык өсүмдүк майын куюп, куймакты бышырууга өтөбүз.

4. Бышкан куймактын ичине туурамжыны салып оройбуз. Эскертүү! Куймактын ичине салганга эттен башка быштак, кыям, картошка, капуста жана башкаларды колдонсо да болот.

 

kujmak 4СЫР КУЙМАГЫ

 

Керектүү азыктар:

Ун – 2,5 стакан
Жумуртка – 5 даана
Кумшекер – 100 грамм
Каймак май – 100 грамм
Сүт – 3 стакан
Сыр (сүргүчтөн өткөрүлгөн) – 300 грамм
Туз – бир чымчым

 

Даярдоо жолу:

1. Сүткө жумуртканын сарысын, сыр, ун, кумшекер, май, тузду кошуп аралаштырып камыр даярдайбыз.

2. Өзүнчө идишке жумуртканын агын көбүргүчө чалып, камырга кошобуз.

3. Бышыруу жолу кадимкидей.

 

Кеңештер:

1. Куймакка керектүүлөрдү аралаштырганга жана көмөч казанга куйганга оңой болсун десеңиз, анда желим бөтөлкөнү колдонуңуз. Бөтөлкөнүн оозуна куйгуч (воронка) коюп керектүүлөрдү салып, куюп аласыз. Идиштер да булганбайт.

2. Куймак жука жана көпшөк болуп бышышы үчүн камырына бир аз минералдык суу же сыра кошуу керек.

3. Кумшекер канчалык көбүрөөк кошулса, куймактын четтери ошончолук кызарып бышат.