Килкилдек. Быжы. Өпкө.

Килкилдек. Быжы. Өпкө.

Килкилдек

 Килкилдек уй, кой жана музоонун шыйрак, баш, кулактарынан жана үй куштарынын ич эттеринен, ошондой эле балыктан, балык калдыктарынан (баш, сөөк, куйрук жана сүзгүч канаттарынан) жасалат.

 

Керектелүүчү азыктар:
Койдун шыйрагы – 4 даана
Сулп эт – 200 гр
Сабиз – 2-3 даана
Пияз – 2 даана
Жумуртка – 3 даана
Сарымсак – 3-4 тишче
Лавр жалбырагы – 3-4 даана
Петрушка, укроп – 1 боо
Татымына жараша туз, мурч


Жасалуу ыкмасы:

Шыйракты жууп-тазалап, муздак сууга 3-4 саатка салып коёбуз. Андан соң чайкап, эттин деңгээлинен болжол менен 8-10 см жогору кылып муздак суу куюп, сөөктөн эт ажыраганга чейин жай отто 5-6 саат кайнатабыз. Бышарына 1 саат калганда 2-3 сабиз, даамына жараша пияз, лавр жалбырагын салабыз. Бышкандан кийин үстүндөгү майын калпып алып, лавр жалбырагын чыгарып, этти сөөгүнөн бөлүп, майда туурап, чыпкаланган шорпого салып, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Даярдалган чуңкур идишке алгач бышкан сабизди тегерекче түрүндө туурап тизип алабыз. Анын үстүнө кыя кесилген сулп этти тизип, шорпону куябыз да, муздак жерге коё турабыз. Килкилдек каткандан кийин жумурткадан эки ак кууну, пияздан чөмүч баш гүлүн жасап, көк чөптөр менен кооздоп коёбуз.

 

Быжы

Быжы – жаңы союлган койдун же эчкнин ич канынан жасалган улуттук тамак. Тагыраак айтканда, кыргыз колбасасы.

 

byjyКеректелүүчү азыктар:
Эт – 150 гр
Кан – 300 гр
Күрүч – 120 гр
Боор – 250 гр
Пияз – 100 гр
Сабиз – 1 даана
Сарымсак – 4 тишче
Татымына жараша туз, мурч, калемпир


Жасалуу ыкмасы:

Жаңы союлган койдун же эчкинин ич канын идишке өзүнчө куюп алабыз. Быжыга кошулуучу күрүчтү тазалап, туз татытылган сууга бир кайнатып алып, суусун сарыктырып төгүп салабыз. Уюп калган канга эт туурагычтан өткөрүлгөн боор, ич май, күрүч, майда тууралган сарымсак, көк чөп (ашкөк, жусай), кара мурч кошуп, бир азга үстүн жаап, тыныктырып коёбуз. Быжынын туурамжысы канчалык майлуу болсо, быжы ошончолук жегиликтүү болот. Даяр туурамжыны таза жуулган жумуруга салып, учун чий менен төөнөп, чарык жип менен бекем бууйбуз. Эскерте кетчү нерсе, жип менен байларда бир аз боштук калтыруу керек. Анткени, күрүч бышканда көбөйүп кетет. Эми туурамжыга толтурулган жумуруну муздак суу куюлган мискейге салып, 50-60 мүнөт кайнатсак, быжы даяр болот. Быжыны өзүнчө идишке бышыруу керек. Бышып жаткан ичке ийне менен ар жеринен сайып коюу кажет. Аткени ал жарылса, шорпо кермек тартып, даамы бузулат. Даяр болгон быжыны ысык бойдон дасторконго коёбуз.

 

Өпкө

 

Кой, эчкинин өпкөсүнө сары май кошулган сүт куюлуп бышырылган улуттук тамак.


oloboКеректелүүчү азыктар:
Койдун өпкөсү – 1 даана
Сүт – 8-10 литр
Сары май – 0,5-1 кг
Татымына жараша туз


Жасалуу ыкмасы:

Бычак тийгизилбей союлган өпкөнү кекиртеги менен кошо чыгарып, үйлөп алабыз. Үйлөнгөн өпкөнү 1 саатча муздак сууга салып коёбуз. Сүт куярдын алдында ага батышынча жылуу суу куюп, ал сууну кайра өпкө агарганча “кустурабыз”. Тазаланган кезде өпкө канча суу “жутса”, ошончо сүт куябыз. Өпкөгө сүт толгондо темгил болбой, агарып калат. Сүт толтурулгандан кийин кекиртекке эт сойлотуп, 4-5 жеринен ичке жип менен катуу бууйбуз. Өпкө өзүнчө 2-2,5 саат казанга бышырып, муздаганда кыя кесип, көк чөп менен кооздоп дасторконго койсок болот. Тамагыңыздар таттуу болсун!