Фунчоза

Фунчоза

Даярдоо ыкмасы

 

Лапшаны туздалган сууга кайнатат да, жууп, муздатат. Сабиз менен капустаны теркадан өткөзөт. Этти майда кесип, күн карама майында алтын өңдүү болгучакты кууруйт. Пиязды экиге бөлүп турайт. Болгар калемпирин жана калемпирди майда туурап, сарымсакты, сабизди жана капустаны кошуп баарын бирге 5 мүнөт кууруйт. (туздалат) Даяр болгон эт менен лапшаны кошуп, эт куурулган майга пиязды алтын түстүү болгучакты кууруп, ага жусайды кошуп аралаштырып 1 мүнөкө коет. Лапша менен этке, куурулуп даяр болгон жашылчаларды кошуп, уксуз жана соя соусун кошуп жакшылап аралаштырып, бир саатка тургузат. Бул салатды ысык боюнча дамуздак боюнча да тартса болот.

 

Гүрүч лапшасы – 0,5 кг.
Уй эти – 300 г.
Сабиз (орточо) – 1 даана
Пияз – 1 даана
Капуста кольраби (жонокой капуста менен жасаганы да болот) – 2 даана
Калемпир Болгар калемпири – 1 даана
Сарымсак
Жусай
Күн карама майы
Туз
Кара мурч
Соя соусу
Алма уксусу