Бешбармак

Бешбармак

Ааламда жашаган ар бир элдин ата-бабасынан бери жасап, жеп жүргөн улуттук тамак –ашы бар. Ар бир эл кийген кийими, жеке чарбасы, өңү-түсү менен айырмаланган. Адам баласы өзүнүн улуттук рухий дүйнөсүнө жана маданий деңгээлине жараша тамак-аш жасону өнүктүрүп келген.

 

Тамак –аш кыргыз элинин материалдык маданиятынын бир формасы. Ал жер шарында жашаган бардык элдерде жасалат. Элдердин улуттук өзгөчөлүгүнө, географиялык шартына жараша тамак –аштын да түрлөрү көп болот. Кыргыздын улуттук өзгөчөлүгүнө жараша өзүнө гана мүнөздүү тамак-аштары бар. Аларды жасоо, даярдоо, бышыруу байыркы доорлордон бери сакталып, бүгүнкү күндө да активдүү колдонулат.

 


Ата-бабаларыбыз илгертен бери жасап келаткан тамак-аштын 200 дөн ашуун түрү белгилүү, алардын негизгилери болуп төмөнкүлөр эсептелет : бешбармак, куурдак, ботко, шишкебек, боорсок, көмөч ж.б. Ал эми суусундуктан төмөндөгүлөр : кымыз, максым, бозо, чалап. куурдак шашлык

 

Ulut tamak 2Улуттук сый тамактын эң чүйгүнү болгон бешбармак нарындан бөлүнүп чыгып, өз алдынча тамак катары калыптанган. Ошон үчүн аны ушул кезге дейре айрым карыялар “кесме нарын” деп коюшат.

 







Ulut tamak 3Бешбармак – эзелки тамак нарындын түздөн-түз уландысы болгон бешбармактын жасалыш ыкмасы жалпысынан нарынга окшош келгени менен ага сарп болгон азыктардын составы көбөйүп, рецептик нормалары өзгөрүп кеткен.

 







 

Ulut tamak 4Тактап айтканда

-тууралган этке кесменин
-пияз
-сарымсак
-түрп
-помидор
-калемпир
-мурч

Ulut tamak 5сыяктуу татымдар менен жашылчалардын кошулушунан улам бешбармактын колориясы жогорулап, даамы жакшырып өз алдынчалыкка ээ болуп калган. Азыркы дасторкондон туруктуу орун таап, биротоло эң кадырлуу сый тамакка айланды.

 

Ошон үчүн азыркы кезде конокко тартылган сый тамактын чүйгүнү бешбармак менен корутундуланат. Андан соң ак серке жана чай гана берилет.