Колуктунун курбусу болуу оной эмес...

Колуктунун  курбусу болуу оной эмес...

Курбу кыздын башкы милдеттери

 

Сиздин милдетиңиз колукту көйнөк сатып алган күнү эле башталат. Бул күнү аны менен дүкөнгө сөзсүз бирге барыңыз.

Үлпөт той күнү колуктунун жанында болуп, ансыз да толкунданып турган курбуңуздун көңүлү менен болушуңуз керек.

Бул күнү колуктунун көйнөгү менен чач жасалгасын оңдоп-түзөп туруу сиздин башкы милдетиңиз.

Сүйлөгөн сөздөрүңүздү байкап туруңуз. Анткени, туура эмес сүйлөп алып жаңы келиндин аброюна шек келтирип коёсуз.

Өзүңүздүн жүзүңүз жарык, маанайыңыз көтөрүңкү болуп турууга тийиш.

Колуктуга берилген белектерди, гүлдестелерди тезинен колунан алып туруңуз. Бул дагы чоң кызмат.

 

Кандай кийим тандоо керек?

Негизинен, үлпөт тойдо күбө катары күйөө жолдош менен курбу кыздын болушу байыркы Римде пайда болгон. Күбөлөр үйлөнүп жаткан түгөйлөрдү суук көздөрдөн коргоп жана шайтанды адаштыруу үчүн үйлөнүп жаткандардан айырмасыз кийим кийишчү. Анан да бул адаштыруу амалы толугу менен аткарылышы үчүн күбөлөр бирден эмес, ондон ашык санда болууга тийиш эле. Ал эми азыр бизде андай эмес. Эреже таптакыр башкача. Колуктунун курбусу эч убакта колуктунукуна окшош көйнөк кийбейт. Бирок, анын көйнөгүнүн тигилиш стилине көз каранды болушу керек. Мисалы, болочок келиндин көйнөгү бир аз денеге жабышкан жана этеги өтө кенен болбосо, курбу кыздын кийими да денеге жабышкан жана узундугу жер чийбегендей болгону дурус. Ал эми үлпөт тойдун жылдызы колуктунун көйнөгү барпыраган болсо, сизге бардык эле кечелерге кийген көйнөктөр жарай берет. Болгону, ал кийимде сиз өзүңүздү ыңгайлуу сезишиңиз керек.

 

Чач жасалгалары

Чач жасалгалоого сөзсүз түрдө тойго кийүүчү көйнөгүңүздү кийгенден кийин кириши­ңиз. Эмесе жаңы эле жасалгалаган чачыңызды көйнөк кием деп бузуп алышыңыз толук мүмкүн. Албетте, чач тарачка алдын-ала жазылып коюп, өз убактысында барууну айтпасак да билсеңиз керек. Бирок, кээде атайын салондорго барып көп акча коротуунун ордуна үй шартында эле жасалгалап алсаңыз болот.

 

Ал үчүн чачтын узун кыскасына карабай жасалгалоого даярдап алуу керек:

1. Чачыңызды атайын барпайтуучу шампунь менен жууп, анын артынан көбүктөн шыбап анан, фен менен тегиз кургатасыз (кээде кадимки сыра менен чайкап койсоңуз да чач барпайып калат).

2. Эсиңизде болсун, чачты үй шартында жасалгалоо үчүн, гель, лак, мусс сыяктуу керектүү каражаттарды камдап алуу зарыл.

3. Эгерде чачыңызды төбөсүнөн бөлүү керек болсо, зикзак түрүндө бөлсөңүз жакшы көрүнөт. Бөлүнгөн сызык боюнча атайын чачка жабыштыруучу жылтырак шуруларды чаптап койсоңуз болот.

4. Эң жөнөкөй чач жасалгасы да бар. Түз чачыңызды атайын тармалдаткыч менен тармалдатып, лактан жакшылап сээп, анан гелден шыбап койсоңуз жаңы эле сулуулук салондон чыккандай көрк берет. Анан үстүнө жылтырактан сээп аласыз.

 

Бетке макияж жасоо

Бетке макияж жасоодо эң башкы эске алчу нерсе ашыкча боёнбоо. Себеби, бул күнү сиз жалаң гана курбу кыздарыңыз жана досторуңуз менен эс алуу кечеге бара жаткан жоксуз. Үлпөт тойдо алдыңызда ак сакалдуу абышка, карыган кемпирлердин болору сөзсүз. Андыктан, жеңил боёк менен келбетиңизди назик жана таза көрсөткөнүңүз оң. Анан, албетте, боёктордун түсүн кийимиңизге шайкеш келгендей тандап алыңыз.

 

Курбу кыздын чыгымдары канча?

Албетте, мойнуңузга жүктөлгөн чоң жоопкерчиликтин чыгымдары да жок эмес. Биринчи кезекти көбүнчө көйнөк менен туфли сатып алуудан баштайбыз. Көйнөктү базарлардан издесеңиз 700 сомдон 5 миң сомго чейин табууга болот. Ал эми шаарыбыздагы дүкөндөрдөн 50 миң сомдук көйнөктөр да чыгат. Туфлини болсо 500 сомдон 10 миң сомго чейин табасыз. Ал эми сулуулук салондорунан чач жасатуу узундугуна жана жасалышына жараша ар кандай баада болот. Негизинен, орточо эсеп менен чач жасатууга 250 сомдон 5 миң сомго чейин, макияжга 200 сомдон 3 миң сомго чейин, маникюрга 150 сомдон 3 миң сомго чейин каражат сарпталат.