Жылдыздар кытайлык этникалык кыргыздарга чыгармачылыгын тартуулашты

Jyldyz konsert lytaiКытайдын Үрүмчү шаарында ырчылар Данияр Эрматов, Нурмат Садыров, Нурлан Насип чыгармачылыгын тартуулашты.

 

Бүгүн, Данияр Эрматов кече жогорку деңгээлде өткөнүн билдирди.

 

“Кытайлык кыргыздарга биздин ырчылар барып концерт уюштурбагангабы, айтор, жылуу тосуп алышты. Кечебизге жалаң кыздар келишиптир. Ар бир ырыбызды коштоп, колдоп турушту. Комузда, аккордеондо кол ойнотуп, жандуу үн менен ырларыбызды аткарып, кытайлык бир туугандарыбыздын черин жаздык.

 

Концертибиз бүткөндөн кийин баары менен сүрөткө түштүк. Кезек күткөндөрдүн катары суюлбай, талап кете жаздашты. Бул нерсе биз үчүн өтө жагымдуу болду. Себеби бөтөн жерде да күйөрмандарыбыз көп экен, ырларыбыз уккулуктуу экен деп кудуңдап калдык.

 

Концерт бүткөндөн кийин Үрүмчү шаарын кыдырууга мүмкүнчүлүк түзүлдү ”,- деди Д.Эрматов.