ТР Жерге-Тал районунда кыргыз диаспорасы түзүлөт

Тажикистандын Жерге-Тал районунда этникалык кыргыздар үчүн кыргыз диаспорасы түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

 

Үстүбүздөгү жылдын 10-14-август күндөрү Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин делегациясы Кыргызстандын сыртындагы этникалык кыргыздар менен маданиятты, тилди өз алдынча сактап калуу жана өз ара кызматташтыкты, ынтымакты күчтөндүрүү максатында Тажикистандагы Жерге-Тал районуна барып келишти.

 

Кыргыз делегациясынын иш сапары учурунда, Тажикистандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана Жерге-Тал районундагы Сары-Кенже айылында жашаган этникалык кыргыздар менен жолугушулар өттү.

 

Жолугушу учурунда билим берүү, медициналык кызмат, калкты таза суу жана электр энергиясы менен камсыздоо, Морк жана Кара-Сейит айылдарынын ортосуна көпүрө куруу, тигүүчүлүк тетиктерин көбөйтүү жана биргелишкен тигүүчүлүк цехтерин түзүү маселелери талкууланды. Ошондой эле, делегация тарабынан кыргыз диаспорасын түзүү сунушу катышуучулар тарабынан колдоого алынды.

 

Мындан сырткары, делегация ал жердеги этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана укуктук абалдары менен таанышышты.