Тажикстандын Мургаб районуда кыздарынын сабагына жолтоо болгон ата айыпка жыгылды

Тажикстандын Мургаб районуда кыздарынын сабагына жолтоо болгон ата айыпка жыгылды

Тажикстандын Мургаб райондук соту Таир Жакыпов аттуу топозчуну үч кызын мектепке жибербей, жайлоого алып кетип калганы үчүн 20 миң сомони (157 миң сом) айыппулга жыкты.

 

"Азаттыктын" тажик кызматынын жазышынча, ушундан соң райондук билим берүү башкармалыгы башка ата-энелерге да эскертүү берди.

Ал эми малчы Жакыпов жайлоодо мектептер, айылда болсо балдарын караганга киши жоктугун айтууда. "Топозчулук мен үчүн да, башка көптөгөн айылдаштарым үчүн да жалгыз киреше булагы" дейт ал.

 

Этникалык кыргыздар басымдуу жашаган Мургабда көч майда башталып, октябрдын аягында аяктайт.

 

Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык балдарды окуудан алаксыткандар жазаланат.