Тажикстандын эки жараны маңзат менен кармалды

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин эки өкүлү Кыргызстанда маңзат менен кармалды. Маңзатты көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, Ош облусуна караштуу Алай районундагы Бор-Дөбө стационардык бекетинен "Мицубиси-Пажеро" үлгүсүндөгү машине токтотулган. Машинеден 9 пакетке бөлүнүп салынган 6 килограмм героин табылган.

 

Тергөө маалында алар Тажикстандын Мургаб районунун ИИМнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштей тургандыгы аныкталган. Алар маңзатты Кыргызстан аркылуу Орусияга алып өтүүнү көздөшкөн. (КЕ)