Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Р.Саитов шайланды

Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Р.Саитов шайланды

Алай районунун Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рахматилла Саитов шайланды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын Алай району боюнча өкүлү Мамыт Молдобаев билдирди.

 

Анын айтымында, айыл өкмөт башчылыгына 3 талапкер койгон.

 

«Сары-Могол айыл өкмөттүнө Мырзакарим Тулемишов, Рахматилла Саитов, Кутманали Кенжебаев талапкерлигин койду.

 

 

Айылдык кеңеште жалпы 11 депутат катышып, баары Рахматилла Саитовго добуштарын беришти. 2 талапкер 1 дагы добуш ала алышпады. Жыйынтыгында Саитов айыл өкмөт башчысы болуп шайланды», - деди Молдобаев.

 

Рахматилла Саитов кесиби боюнча айыл чарба адиси. Буга чейин аталган айыл өкмөттө финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы болуп келген.

 

Аталган айыл аймакта Тажикстандан келген этникалык кыргыздар жашайт.