Сары-Кол кыргыздарынан белек (видео/сүрөт)

Үстүбүздөгү жылдын 15-март күнү Бишкек шаарында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Рахманкул хандын 110 жылдыгына арналган конференция болуп өттү. Бул конференцияга Түркия өлкөсүнөн келген Рахманкул хандын балдары, небереси жана башка эл өкүлдөрү, коноктор жана студенттердин коштоосунда болуп өттү.


Аталган иш чарага Мургабтан жердештерибиз катышып бүткүл Сары-Кол элинин атынан аксакалдар менен биргеликте боордошторду куттуктап, Өскөнбай Бердибаевдин Рахманкул хандын өмүр жолуна арналган" ДООРЛОР БАЯНЫ" аттуу китебин жана Баястан Небреходжоевдин Рахманкул хандын колдо тартылган портретин белекке берип кайттыштылар.