Сариев зилзаладан жабыркаган оогандык кыргыздарга жардам берүүнү тапшырды

Sariev pomosh avgan kgКыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев Ооганстандагы жер титирөөгө байланыштуу ал жердеги памирдик кыргыздардын жагдайын тактоону, жардамга муктаждыктарын аныктап, жардам берүү боюнча сунуш даярдоону Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

 

26-октябрда Ооганстан аймагында болгон катуу жер титирөөдөн улам ал жерде жашаган Памир кыргыздарынын айрымдары жеңил жарат алып, турак-жайлары урап калгандыгын Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги маалымдаган эле.

 

Ал эми Ооганстанда жашап, иштеп жүргөн 50гө чукул кыргызстандык жарандардын арасында жабыркагандар жок. Элчилик алар менен байланышып турат.