Райондун эр азаматы, эл четинде

raiondun-er-azamaty-el-chetinde 22017-жылдын октябрь айында Мургаб райондук аскер комиссариаты тара¬бынан Нажмидинов Токтонур Рахматуллоевич , Мургаб районуна караштуу Г.Бердибаев кыштак жамаатынын, Көөнө-Коргон айылынын уланы өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн катарына чакырылган.

 

Учурда Рудаки районундагы 06870 Түйүндүк аскер бөлүмүндө ДШБда кызмат өтөп жатат.

 

Түйүндүк аскер бөлүмүндөгү 6 айлык снайперлик окуу бөлүмүн окуп, жана окуусун ийгиликтүү аяктаган. Үстүбүздөгү жылдын август айында өткөрүлгөн аскерлер арасындагы машыгууга өз аскер бөлүгүнүн атынан катышып, "эң мыкты аткычыл" деген наамга жетишкен.

 

Мекенине кылган эмгегин баалап, аскердик бөлүктүн командири, полковник Х.Шокирзода тарабынан мактоо баракчасы менен сыйланган.

 

raiondun-er-azamaty-el-chetinde 3Жакында 20 күндүк отпускага келип, ата-энеси, туугандары жана жердештери менен жолугушуп, кайра аскердик парзын өтөп келүүгө кетти.

 

Өз мекенине кызмат өтөп жүргөн райондун эр жигиттери менен ар дайым сыймыктанып, ушундай эр жигиттерге тарбия берген ата- энелерге ыраазычылык билдиребиз.

 

Сарыкол»-пресс

Нусратилда Исраилов