Паспорту жокторго укуктук кеңеш берилет

Kg pasportБишкек шаарындагы жаңы конуштарда каттоосу жана паспорту жок жарандар көп. Алардын катарында качкын статусун алып жүргөн этникалык кыргыздар бар. Мындай маалыматты шаардык мэрия билдирди.

 

Эми паспорту жок жүргөн жарандарга документ алып берүү боюнча ишти мамлекеттик каттоо кызматы жана шаардык мэрия Бириккен улуттар уюмунун качкындар менен иштөө боюнча өкүлчүлүгү менен биргеликте уюштурууда. Адистер топ-топ болуп түзүлүп, 3 айдын ичинде шаардагы паспорту жокторго же союз кезиндеги эски үлгүнү колдонуп жүргөндөргө, ошондой эле этникалык кыргыздардын жарандык алуусуна керектүү болгон документтерди чогултууга жардам берет. Эскерте кетсек, мындай иш-чара былтыр аймактарда башталып, 5 миңге жакын адам өздүгүн тастыктаган иш-кагазды алышкан.

 

“Быйыл аймактар боюнча 7,5 миңдей кишиде паспорту жок. Бул биз кыдырып тактап чыккандан кийинки маалымат. Алардын 6 миңге жакыны паспорт алуу үчүн учурда документтерин тапшырып бүтүп калышты”, - деди Катто кызматынын калкты каттоо департаментинин директору Д. Сатыбалдиев.

 

“Жарандыгы жок, тагыраак айтканда паспорту жокторду каттоого отургузуу кыйын. Ошондуктан, алар мамлекеттик жана социалдык кызматтарды колдоно албай жүрүшөт. Аларды каттоого тургузуу биз үчүн да кыйын. Анткени алардын көпчүлүгү тийиштүү документтерин топтой албай жатышат”, - деди Бишкек шаарынын вице-мэри А. Рыскулова.

 

02 - Июл, 2015