Памирлик кыргыздарга азык-түлүк жана эң керек делген товарлар жиберилет

Кечээ, 23-октябрда вице-премьер-министр Камила Талиева бир катар министрликтин жана мекемелердин жетекчилери менен Ооганстанда ( Чоң жана Кичи Памирде ) жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам чогултуу жана жеткирүү жаатында кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлайт. Учурда Ооганстандагы Чоң жана Кичи Памирде 1 миң 200гө жакын этникалык кыргыздар жашары белгиленүүдө. Министрлик жана мекемелелерге азык-түлүк жана эң керектүү делген товарлар түрүндөгү гуманитардык жардам чогултуу жана жеткирүү жаатында керектүү тапшырмалар берилди.