Ош: мэрия 13 жылдан бери гаражда жашаган кайрылмандардан кабар алды (видео)

Ош: мэрия 13 жылдан бери гаражда жашаган кайрылмандардан кабар алды (видео)

Ош шаарында каралбай калган гараждарды байырлаган алты үй-бүлө бар. Алар Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келип, 13 жылдан бери гараждарда күн кечиришет. Бүгүн алар менен Ош шаарынын жетекчилиги жолугушуп, майрамдык белек катары тамак-аш алып барып берди.

 

Тажикстандан көчүп келип, кайрылман программасы боюнча кыргыз жарандыгын алган боордоштор калаа бийлигинен үй же турак жай курууга жер сурашты. Ош шаарынын вице мэри аларды суукка калтырбоо убадасын берип, жер маселесин чечүүгө жаңы жылдан тарта көмөктөшөрүн айтты.

 

Гаражды байырлаган тажикстандык кыргыздар базарда араба түртүп тирилик кылышат. Гараждарды эки бөлмөгө бөлүп, ичине меш орнотуп алышкан. Айрымдарынын балдары шаардагы мектептер кабыл албагандыктан улам окубай калган.