Кыргызстандык делегация Вандагы Памирлик туугандар менен жолугушту (сүрөт)

Түркиянын Ван аймагында 12-24-август күндөрү «Ата Журттан туулган жерге карай: кыргыз туугандар Ванда жолугушат...» аттуу иш-чара өткөрүлүп жатат.

 

Маалым болгондой, иш-чара Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен эки өлкөнүн маданий-гуманитардык кызматташуусун өнүктүрүү максатында Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин жана Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулган.

 

Иш-чарага Ысык-Көл районунан кол өнөрчүлөр жана маданият кызматкерлери болуп 5 өкүл катышууда. Алар Вандагы кыргыздарга кийиз, темир, тери буюмдарын иштетүү, улуттук музыкалык аспаптарды ойноо өнөрүн көрсөтүп жатышат.

 

Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фырат иш-чара Кыргызстан менен Ван шаарындагы кыргыз туугандардын арасында ынтымакты жана байланышты бекемдөө, эки өлкө арасындагы маданий көпүрөнү чыңдоо, Вандагы таланттуу кыргыз жаштарынын салттуу искусствосун профессионалдык деңгээлде өркүндөтүүгө көмөкчү болуу максатында уюштурулганын белгиледи.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылына 1980-жылдары көчүп барган 4 миңге жакын кыргыз жашайт.

 

kyrgyzstandyk-delegatciia-vandagy-pamirlik-tuugandar-menen 1 kyrgyzstandyk-delegatciia-vandagy-pamirlik-tuugandar-menen 2
kyrgyzstandyk-delegatciia-vandagy-pamirlik-tuugandar-menen 3 kyrgyzstandyk-delegatciia-vandagy-pamirlik-tuugandar-menen 4