Кыргызстандан башка жакта жашаган кыргыздардын көпчүлүгү Россияда катталган

Кыргызстандын аймагынан башка жактарда жашаган кыргыздардын көпчүлүгү Россияда 400 миң, Өзбекстанда — 385 миң кыргыз катталган. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда «Кыргызстандын кайрылмандары: жергиликтүү коомго интеграция процесси» конференциясында белгилүү болду.

 

Улуттук стратегиялык иликтөөлөр институтунун маалыматына караганда, Кытайда 189 миң кыргыз, Тажикстанда — 56 миң, Түркияда — 3 миң 230 миң, Афганистанда — 2 миң кыргыз жашайт.

 

Ошол эле учурда Кыргызстандын жарандыгы бар этникалык кыргыздар Өзбекстанда 19 миң 791, Тажикстанда — 17 миң 424, Кытайда — 71 адам.

 

29.01.2016