Кыргызстан менен Тажикстандын баңгизаты менен күрөшүү кызматтары алаканы күчөтүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын баңгизаты менен күрөшүү кызматтары алаканы күчөтүүдө, – деп КР Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча мамкызматы атайы (БКМК) маалымат жыйында билдирилди.

 

«Бор-Дөбө-автомобилдик» чегара күзөтүндө БКМК төрага орунбасары Г.Анарбаев менен Тажикстандагы Тоолу-Бадахшан облусунун баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттик башчысы С.Мардонов менен жолукту. «Күзөт Алай районунун чегинде жайгашып, Мургаб районуна чукул. Ал жерден КР түштүгү менен Тоолу-Бадахшанды бириктирүүчү жол өтөт. Союз убагында ал жол аркылуу Бадахшан тургундарына азык-түлүк, курулуш материалдары ж.б. жеткирилчү. Союз бытырагандан бери бул канжол Ооганстандын баңги трафигине айланган».

 

Жолугушуу соңунда кызматташууну күчөтүүгө багытталган протоколго кол коюлуп, эларалык баңги трафигин жоюуга багытталган биргелешкен операциялар өткөрүлмөй болду. 2012-жылдын апрелинде КР БКМК менен Согдий облусунунун баңги кызматы ушундай эле протоколго кол коюшкан.