Кыргыз өкмөтү Памирдеги кыргыздарга жардам жөнөтөт

Ушул жылдын сентябрь айында кыргыз өкмөтү Улуу жана Кичи Памирдеги кыргыздарга жардам жөнөтөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева катышкан кеңешмеде талкууланды. Кеңешме жыйында Ооганстандын Улуу жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүү тууралуу сөз болду.

 

Анда премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык Ооганстанда оор турмуштук кырдаалда жашап жаткан этникалык кыргыздарга азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү уюштуруу талкууланды.

 

 

Мамлекеттик миграция кызматы билдирген боюнча учурда Ооганстандагы Пяндж дарыясын автоунаа менен кечип өтүү мүмкүн эмес. Ошол себептүү Памирге жардам жеткирүү ушул жылдын сентябрь айына белгиленген. Суунун деңгээли ошол мезгилде төмөндөй баштайт.

 

Памирге бара турган экспедициянын курамында 22 киши барат. Алардын арасындагы дарыгерлер Памирди жердеген этникалык кыргыздардын арасында медициналык кароо жүргүзмөкчү.

 

Памирге гуманитардык жардам жеткирүү үчүн Өкмөт 10 млн сом бөлдү.