Курмантай Абдиев: Тажикстандан келген кыргыздар дунгандарга кул болуп жүрүшөт

K. Abdiev«Тажикстандан келген кыргыздар дунгандарга кул болуп жүрүшөт» - деп Жогорку Кеңеш жыйынында «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Курмантай Абдиев билдирди.

 

Депутат башкаларды Тажикстандан көчүп келген кандаштарга көңүл бөлүүгө чакырды.

 

«Алар өз элине чоң үмүт менен келишкен. Эч кимге жашыруун эмес, эми аргасы жогу Чүйдө дунгандарга кул болуп жүрүшөт. Биз алар үчүн 2007-жылы «Кайрылма» деген макам бергенбиз. Ал макамды да 4006 гана киши алыптыр. Чүйдөн сырткары, этникалык кыргыздардын Ош, Жалал-Абад жана Баткенде жашагандары бар. Аларга да макам бериш керек. Көчөгө чыкканда жок дегенде эки барак ошол кагазы менен чыгып, жеңилирек жүрүшсүн», – дейт.

 

08.11.2012