КР кайтып келген этникалык кыргыздарга берилип жаткан жардамды жетишсиз

КР кайтып келген этникалык кыргыздарга берилип жаткан жардамды жетишсиз

Дамира Ниязалиева Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга берилип жаткан жардамды жетишсиз деди.

 

Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева Кыргызстанга кайтып келген этникалык кыргыздарга көрүлүп жаткан камкордуктун деңгээлине нааразы. Муну вице-премьер Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде 17-февралда өткөн коллегиялык жыйында билдирди. “Тарыхый мекенине кайтып келгендерге берилип жаткан жардамдар жетишсиз. Алардын көпчүлүгүнүн азыркыга чейин документтери жок, жөлөк пул жана башка төлөмдөрдү ала алышпайт. Аларга медициналык жардам көрсөтүлбөйт жана алар балдарын окута албай жатышат, мындай болбошу керек”,- дейт Ниязалиева.

 

Өкмөт мүчөсү Кичи жана Улуу Памирдеги кыргыздарга жардам көрсөтүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүү ишин тездетүү тапшырмасын берди.

 

“Ал жакта жашаган кыргыздар жакырчылыкта жашашат. Жашоо шарттын начардыгынан улам алардын саны улам кыскарууда. Бирок айрым үй-бүлөлөр тарыхый мекенине кайтып келүү каалоосун билдиришкен. Буларга жардам берүү зарыл, ошондуктан аталган комиссия тезирээк түзүлүшү керек”,- деди вице-премьер.