Өкмөттүн Оштогу өкүлчүлүгү Тажикстандын Мургаб районундагы этникалык кыргыздардын орто мектептерине материалдык жардам көрсөтүштү

КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Тажикистандын Мургаб районунда жашаган этникалык кыргыздардын орто мектептерине 60 даана парта отургучтары менен жана жалпы 300 миң сомдон ашуун кыргыз тилиндеги окуу куралдарын тапшырды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди, деп маалымдады «Баракелденин» түштүк аймагы боюнча өкүлчүлүгүнүн кабарчысы.

 

Аталган материалдык жардамды өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кара-Суу районунун акими Тилекбек Матраимовдор тапшырышты.

 

Ошондой эле Ош облусунан барган расмий өкүлдөр, Тажик Республикасынын Тоолуу Бадакшан облусунун чакыруусу менен Харог шаарында болуп өткөн региондор аралык жарменкеге да катышып кайтышты. Аталган жарманкеде Ош облусунан 4 ишкер өндүргөн товарларын көргөзмөгө коюшту.

 

Баракелде