Йозгатта “кыргыз шаарчасы” курулууда

Йозгатта “кыргыз шаарчасы” курулууда

Өткөн аптанын 30-июлунда Түркиянын Йозгат аймагында биримдик шаан-шөкөтү болуп өттү.

 

Салтанатка Йозгат губернаторунун орун басары Адем Йылмаз, Йенифакылы районунун акими Муштан Барыш Ишлер, Йенифакылы мэри Йалчын Карадавут, Бозок университетинин профессору Режеп Шахингөз, Йимпаштын башкы жетекчиси Нуруллах Нурдоган, райондогу улуттук билим берүүнүн өкүлү Адем Четей жана Анкаранын Гөлбашы районунда жашаган кыргыздар, жергиликтүү түрктөр катышты.

 

Аталган салтанат Түркияда отурукташып калган кыргыздар менен түрк элинин достугун дагы бир жолу чыңдады.

 

Аземде кыргыз боз үйү тигилип, келген коноктор кыргыз даамынан сызышты. Майрамдык салтанатка Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин практикант-студенттери да күбө болуп, чакан концерт уюштурушту. Концертте кыргыз студенттери мекен ырларын окуп, эки элдин достугуна арналган обондуу ырларды аткарып, соңунда кыргыздын улуттук “кара жорго” бийин бийлешти.

 

iozgatta-kyrgyz-shaarchasy-kuruluuda 2 iozgatta-kyrgyz-shaarchasy-kuruluuda 3

 

Кошумчалай кетсек, жакынкы аралыкта Түркиянын Ван аймагындагы кыргыздардын айрымдары Йозгат облусуна көчүп келишмекчи. Учурда аталган жерде 80 түтүнгө ылайыкталган үйлөр курулууда. Уйлөрдүн 2018-жылдын апрель айында бүткөрүлүп, кыргыздардын чакан “шаарчасы” болоору пландалып жатканын шаардын мэри Йалчын Карадавут маалымдады.