Этникалык кыргыздарга тоскоолдуксуз паспорт берилиши керек

TekebaevСырттан келген этникалык кыргыздарга тоскоолдугу жок жарандыкты алуусу керек. Социалдык саясат комитетинин мүчөсү “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин айтуусунда, этникалык кыргыздар экендигин тастыктаган документи болсо, токтоосуз түрдө жарандыкты берип, паспорт берүү тууралуу мыйзам кабыл алынган.

 

Ө.Текебаев ... 90-жылдардын башынан бери эле этникалык кыргыздар келип жатат жана паспорт ала албай жүрүшөт. Алар чек арадан келип эле жыгылганда паспорт беришибиз керек. Анан биз алардын баарын паспортун узарып кетиптир жаңы паспорт ал десек анда калган өмүрүнүн бардыгы паспорт алган менен өтүп кетип жатпайбы. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көмөк көрсөтүшү керек.Бул боюнча мыйзам кабыл алынган да....

 

 

Бүгүнкү күнгө чейин 18 миң этникалык кыргыз жарандыкты алды, 22миң атуулдукту алууга документ тапшырып, кайрылган. Мындан тышкары 23миңден ашык этникалык кыргыздар камсыздандыруу күбөлүгүнө ээ болгон. Эске салсак, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстандын чегинен тышкары жерлерде иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалы жана кайрылман статусун алган этникалык кыргыздар жөнүндө маселе каралды.