Этникалык кыргыздардын Кыргызстанга кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп жатат

Кыргызстанга Кытайлык этникалык кыргыздар визасыз кире албайт. Ошондон улам алардын кирүүсүнө тоскоолдуктар жаралып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кенештин депутаты Чолпон Султанбекова билдирди. Ал бул маселеге кыргыз өкмөтү көңүл буруп, чечип берүүнү суранды.

 

«Кытайда ошондой эле 1 млн казактар жашайт. Казакстандын өкмөтү алар үчүн виза режимин алып салды. Ал эми биздин кыргыздарга деле ошондой шарт түзсө болот»,-деди Султанбекова.

 

“Быйыл Кыргызстанда тарых жана маданият жылы, аны менен бирге Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Буга байланыштуу этникалык кыргыздардын көйгөйлөрүнө көңүл бурсак. Виза маселесин чечип, этникалык кыргыздарга визасы жок кирип чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп берсек. Бул биздин Үркүндүн 100 жылдыгына жасаган чоң салымыбыз болот эле”,-деп кошумчалады депутат.

 

Айта кетсек, учурда Кытайда 250 миң кыргыз этникалык кыргыз жашайт.