Этникалык кыргыздар жарандыкты алды

Жүздөгөн этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алды. Президент Алмазбек Атамбаев бул тууралуу атайын жарлыктарга кол койду. Алардын ичинен бир жарлык өлкөнүн жарандыгына 595 адамды кабыл алуу жөнүндө, экинчи жарлык Кыргыз Республикасынын жарандыгына 21 адамды кабыл алуу жөнүндө чыкты.

 

Жарандык алгандардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар, Өзбекстан жана Тажикстандын мурдагы жарандары экени айтылды.

 

Жарыяланган күнү: 22-август 2014-ж.