Этникалык кыргыздар үчүн университеттерден 75 гранттык орун бөлүнөт

Этникалык кыргыздар үчүн университеттерден 75 гранттык орун бөлүнөт

Чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздар үчүн жогорку окуу жайлардан 75 гранттык орун бөлүнөт. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

 

Өкмөт 2017–2018-жылга карата мамлекеттик окуу жайлардагы гранттык орундарды коомдук талкууга чыгарды.

 

Жалпысынан 5 миң 705 студент бюджеттин эсебинен окуй алат.

 

Ал орундардын 140ы — эл аралык келишимдердин алкагында, 100ү майыптар жана жетимдерге, 40ы 2002-жылы Аксы окуясында, 7-апрелде, 2010-жылдын май жана июнь айларындагы Ош коогалаңында, кайрылман макамына ээ болгондорго берилет. Дагы 50 оурн жалпы республикалык тесттен жогору балл алгандар үчүн бөлүндү.

 

Мында Билим берүү министрлигине - 4 миң 914, Саламаттыкты сактоо министрлигине - 330, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине -236, ИИМге - 125, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетке - 100 гранттык орун берилди.