Чүйгө көчүп келген этникалык кыргыздарга жер берилди

Сокулуктун Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнөн 300 кожолук үчүн үй курууга жер тилкеси берилди. Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, бул жер тилкесинин баары мыйзам негизинде этникалык кыргыздар үчүн бөлүндү. Бул тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарды колдоо боюнча аталган министрликтин алдында түзүлгөн коомдук кеңештин аракети менен ишке ашты.

 

Аталган аймакка негизинен Тажикстандын Жерге-Тал районунан көчүп келген кыргыздар отурукташкан.

 

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 20 жыл ичинде 50 миңдей этникалык кыргыз тарыхый мекенине кайтып келген. 1995-2013-жылдардын аралыгында алардын 45 миңден ашыгы кыргыз жарандыгын алган. Мындан сырткары акыркы үч жылда 7 миңдей этникалык кыргыз кайрылман макамын алган. Кайрылман - тарыхый мекенине кайтып келгендер өлкө жарандыгын алганга чейинки укуктук макам.