Чүйдө этникалык кыргыздар менен жергиликтүү тургундар чатакташты

Чүйдө этникалык кыргыздар менен жергиликтүү тургундар чатакташты

Кечээ, 7-апрелде Чүй областынын Жайыл районуна караштуу Сосновка айылында кайрылмандар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда чатак чыккан. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинен маалымдашты.

 

"Министрликтин кызматкерлери жаңжалды териштирүү үчүн барышты. Жергиликтүү бийлик органдары, укук коргоо органдары менен биргеликте тургундар менен жолугушуу өткөрүлүп, уруш-талаш чечилди жана учурда жагдай тынч. Кыргыздар менен Тажикстандан келген этникалык кыргыздардын ортосунда тирешүү болуп жатат деген маалымат тастыкталган жок",-деп кабарлашты министрликтен.

 

"Баткен областынан келишкен жарандар менен жергиликтүү тургундардын ортосунда бир аз жаңжал болгон. Бул күнүмдүк уруш-талаш болуп, бат эле өз ара чечилди. Азыр жазгы талаа иштери менен алектенип жатабыз. Бизге Кыргызстандын тынчтыгы керек",-дешти жергиликтүү тургундар.

 

Белгилүү болгондой аталган айылда бир нече жылдан бери Кыргызстандын баардык аймагынан келген, ар улуттагы 5 миңдей адам ынтымакта жашап жатат. Алардын арасында 20 жылдан ашык убакыт мурда Кыргызстанга Тажикстандан көчүп келишкен этникалык кыргыздар дагы бар.

 

Чүй,

Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги