Ат-Башыдагы памирлик үй-бүлөгө үй курулат (сүрөт)

Ат-Башы районунун Терек-Суу айылында жашап жаткан кичи памирлик үй-бүлөгө быйыл демөөрчү тарабынан үй курулуп берилет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

 

Аталган үй-бүлө Терек-Суу айылындагы бош үйдө жашап жаткандыктан райондук акимчилик демөөрчүгө кат аркылуу кайрылуу жасап, памирликтерге турак жай куруп берүүнү суранган.

 

«Бул үй-бүлө бизде жашаганына 2 жыл болду. Хабибилла жубайы жана 4 баласы менен келген. Бешинчи баласы бул жерде жарыкка келди. Улуу кызы жана экинчи уулу мектепте билим алышат. Эки кенже баласы айылдагы бала бакчага барат. Айыл өкмөтү, райондук мекемелер, мамлекеттик администрация тарабынан материалдык жардамдар берилип турат. Ал эми Терек-Суу айылынын тургуну Рахатбек Мамбеталиев бул үй-бүлөнү карамагына алып, бош турган үйүндө жашатып, азык-түлүктөн дагы жардам берип келет.

 

Үй-бүлө башчысы Хабибилла коомдук жумушта иштейт. Балдарына жөлөк пул да чектелип берилген. Бул үй-бүлө абдан аракетчил. Мал багып, жер иштетип, кол өнөрчүлүк менен да алек. Кошуналары менен жакшы мамиледе болуп, жамандык-жакшылыктарда катышып турушат.

 

Буга чейин демөөрчүгө кат менен кайрылып, памирлик үй-бүлөгө үй куруп берүүнү өтүнгөнбүз. Кечээ, 22-июнда өзү келе албаса дагы өкүлүн жибериптир. Азык-түлүк, үй-бүлө мүчөлөрүнө кийим-кече берип жиберген экен. Биз дагы барып, чогуу тапшырып бердик. Андан сырткары өкүлү памирликтерге үй куруп беришерин билдирди», - деди Ат-Башы районунун акиминин орун басары Ажар Дюшеналиева.

 

Ат-Башыга отурукташып, эл-жер менен жуурулушуп жашап калган памирлик Хабибулла бул кабарга сүйүнүп жатат.

 

«Биз бул жакка келип жашагандан бери кошуналар менен абдан жакшы катышып баштадык. Жергиликтүү бийлик жардам берип жатышат. Үй куруп беребиз дегенди угуп, абдан сүйүндүк.

 

Азыр Рахат ажынын үйүндө жашап жатабыз. Азык-түлүктөн, кийим-кечеден жардам берип жатат. Үйдө 5-6 малыбыз бар. Эми өзүбүздүн үйүбүз болсо, малдарыбызды көбөйтүп, жер иштетип, өз тиричилигибизди кылабыз», - дейт Хабибулла Памири.

 

at-bashydagy-pamirlik-i-b-l-g-i-kurulat 1 at-bashydagy-pamirlik-i-b-l-g-i-kurulat 2
at-bashydagy-pamirlik-i-b-l-g-i-kurulat 3 at-bashydagy-pamirlik-i-b-l-g-i-kurulat 4