Айылдагы күнөскана

Айылдагы күнөскана

2017-жылдын жаз айында “Жовид” коомдук уюму тарабынан Башгүмбөз айылында күнөскана курулуп, азыркы учурда жемишин берип турган убагы. Кичинекей айыл үчүн жашоо шартыбызга жараша жашылча, жер-жемиштер өспөгөндүктөн, бул айыл эли үчүн эң бир жакшы жаңылык болду. Күнөскананын багбачылык ишин райондо “Күнөскана шартында жашылчаларды жана жер-жемиштерди өстүрүү” боюнча курстан өтүп келген Малабеков Замирбек колго алган.

 

Күнөскананын ишин өнүктүрүүдө өз күчүн жумшап, жашылчалардын жана жер-жемиштердин уруктарын сээп, ишин баштаган Замирбек жана жубайы Зарипа октябрь айында түшүмүн алды. “Түйшүгү болмоюн түшүмү болбойт” демекчи, багбанчылык жумушунун түйшүгүнө чыдап, жашылча жер-жемиштердин уругун өз ыгында сээп, убагында сугарып, өз жумушун быйылкы жылы ийгиликтүү аяктап олтурат. Биз күнөсканага кирген учурда жылуулукту сезип, анын ичиндеги памидор, бадыраң, көк чөп, калемпирдин жана тегерегиндеги түркүн кооз гүлдөрдүн өскөнүнө күбө болдук.

 

Учурда Замирбек бышкан жашылча-жемиштерди айылына таратып жана үй бүлөсү менен колдонуп жатканы анык. Ушундай шартты уюштуруп берген “Жовид” коомдук уюмунун долбооруна жана анын демөөрчүсү Германия мамлекетине чоң ыразычылык билдиребиз. Күнөсканынын баг- банчысы Замирбектин ишине да алкыш жана ийгилик каалап, түйшүктүү жумушунун түшүмү мол болушуна тилектешпиз.

 

Рахматилда Маматжумаев,

№7 жалпы орто билим берүү мекемесинин мугалими,

Баш- Гүмбөз айылы