900 миңден ашык этникалык кыргыздар Кыргызстандын аймагынан тышкары жашайт

900 миңден ашык этникалык кыргыздар Кыргызстандын чек арасынан тышкары жашашат. Бул тууралуу “КРнын эмгек мигранттарын системалык жана системадан сырткары профессионалдык даярдоо” изилдөөсү билдирди.

 

Маалыматка ылайык,

 

Россияда 400 миңге жакын,
Өзбекстанда 350миң,
Кытайда 189 миң 309,
Тажикстанда 56 миң,
Афганистанда 2 миң,
Түркияда 3 миң 230 кыргызстандык жашайт.

 

Изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, ушул жылдарда этникалык кыргыздар үчүн көйгөйлүү маселелер кайрылман статусуна ээ болуу жана КРнын жарандыгы, ишке орношуу сыяктуу маселелер болуп келген.