2014-жылы 41 миң этникалык кыргыз КРнын жарандыгын алышкан

2014-жылы 41 миң этникалык кыргыз КРнын жарандыгын алышкан

2014-жылы 41 миң этникалык кыргыз КРнын жарандыгын алышты. Бул тууралуу КРнын эмгек, миграция жана жаштар министри Айбек Азыранкулов билдирди.

 

Анын айтымында, министрликке 50 миң этникалык кыргыз кайрылган, алардын 41 миңи КРнын жарандыгын, калган 9 миңи “кайрылман” статусун алышты, бул аларга жумушка орношууга, ал эми балдарын мектепке окууга берүүсүн шарттайт.

 

Ошондой эле, министр памир кыргыздарынын татаал турмушун белгиледи. “Алардын жашоосу оор абалда, алар деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте жашашат жана айыл чарба азыктары менен гана тамактанышат. Албетте, экспедиция жана гуманитардык жардамдар көрсөтүлгөн, бирок мунун баары бир гана жардам, бул маселени чечүү керек”,-деди А.Азыранкулов.