18 миң этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алышты

18 миң этникалык кыргыздар Кыргызстандын жарандыгын алышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов билдирди.

 

Анын айтуусу боюнча 40 миң этникалык кыргыздар “кайрылман” статусун алышкан. “18 миң этникалык кыргыздар жарандык алышты. Дагы 22 миң адам кайрылуу жөнөтүшкөн. Биздин жарандыкты алууну каалаган чет элдиктерден айырмаланып, алар жеңилдетилген шарттар менен алышууда”, - деди министр.

 

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Гүлмира Шакированын айтуусу боюнча качкындарга жана этникалык кыргыздарга жалпысынан 340 миң камсыздандыруу полиси сатылган.