10 жыл мурун Ошко келген мургабдык кыргыз Нүргүл Умаркулова

Nurgul Umarkulova pasportТажикстандын Мургаб районунан 10 жыл мурда Ош шаарына көчүп келген Нүргүл Умаркулова бүгүнкү күнгө чейин паспортсуз жүрөт. Документтерди бүтүрүүгө каражат жетишпей, жумуштун жоктугунан көчөлөрдөн бөтөлкө топтоп, күн кечирип жатам, дейт ал.

 

«Ош шаарына келгениме быйыл 10 жыл болот. Ал жактан документтерибизди тактабай эле келе бергенбиз. Мени менен кошо 10 кыргыз келген. Жаңы келгенде бул жакта жашаган туугандардын үйүндө жашадым. Бир ай жашагандан кийин эми өзүң оокатыңды кыл дешти. Башында шаарда кафелерде идиш, пол жууп иштеп жүрдүм. Шаардан арзан ижарага батир алып, 2010-жылдагы июнь окуясына чейин жашап жүрдүм. Кийин ал жерден чыгып кеттим. Өзүм жалгызмын, турмушка чыккан эмесмин. Бир жылдан ашуун убакыт иштегенден кийин менин документимди сурай башташты.



Документим жок болгондуктан жумуштан кеттим. Иштеп акча таап, паспорт столго алып барсам 6 миң сомго бүтүрүп беребиз дешти. Облустук оорукананын жанынан эскилиги жеткен жер үйгө ижарага чыктым. Бул жерде беш жылдан бери жашап келем. Айына миң сомдон ижара акы берем.


Июнь окуясынан кийин документим жок болгондуктан эч жерге ишке албай койду. Көчөдөн бөтөлкө жыйнап күн көрүп баштадым. Башында күнүнө 50-60 сомдон табат элем. Азыр дүкөндөр менен сүйлөшүп күнүнө 200-300 бөтөлкө тапшырам. Ошондо мага 100-150 сом акча калат. Бөтөлкө жок болуп калган учурда суу менен нан жеп жатып алам.


Азыр жашаган үйдөн да чык деп жатат. Мен мэрияга барсам кийимимди көрүп киргизбей коюшту. Мен коомчулуктан жана шаар мэринен жардам сурайм. Документ алсам көчө шыпырсам дагы үй салмакмын», - деди Нүргүл Умаркулова.


Ош шаарында Мургабдан көчүп келгендердин көпчүлүгү социалдык жактан жардамдарга муктаж болуп келишет.