Замандаш курбуларым

Замандаш курбуларым

Замандаш бирге өскөн курбуларым,
Сагынгандан ойлонуп ыр курадым.
Элим алыс, жерим алыс көчүп кетип,
Сагынып санаа тартып буркурадым.

 

Жакут көз жадыраган бой тумарым,
Жүрөгүм жаралаган ой туманым.
Бахбур-Ата, Ак-Суудай асыл жерим,
Сагынып санаа тартып отурамын.

 

Чеш-Дөбө, Мадиянда Ыс - булагым,
Чындап көңүл кубанып шат кыламын.
Үч-Колдун, кең Алчордун талаасындай,
Бала кезди ойлонуп каткырамын.

 

Достор кайда, мен кайда, кыздар кайда?
Доор өтө турбайбы ушундай да.
Айланайын досторум сагындым мен,
Кең Мадиян, Жаман-Тал узун сайда.

 

Ак өргөөнүн түндүгүн тартып коюп,
Ак кымызды ичелик ысык жайда.
Айланайын асылкеч курбуларым,
Көрүшөбүз эми биз качан, кайда?

 

Халил Мурзахматов
Мургаб району

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.