Ыраң-Көлүм

Ыраң-Көлүм

Мөлтүр кашка булагың,

Чырак ташым-чырагым.

Өчүп жанган өңдөнүп...

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                           I

Ыраң-Көлүм туулуп өскөн мекеним,
Сени таштап эч кай жакка кетпеймин.
Сен кымбатсың туулган жерим турагым,
Мен өзүңдө төрөлгөнмүн урпакмын.

 

Даңкыңды мен бүт ааламга таратам,
Бул ырымды бир өзүңө жаратам.
Дүйнөнүн туу чокусу мекеним,
Дүйнө жүзүн бүт өзүңө караткан.

 

Киндик кан тамган мекеним,
Кичик кезден мен чоңойгон экенмин.
Башка жерде жүрсөм дагы эстеймин,
Баары бир сен оюмдан кетпейсиң.

 

Каз өрдөктөр мекендешип көлүмдү,
Келип кетип өткөрүшөт өмүрдү.
Кылымдарды каарытып сен жашай бер,
Бир өзүңө туура келбейт башка жер.

                         II

Катарлашкан Кош-Өтөктү карасам,
Кайгы тартып күйүп бышып баратам.
Качан болсо көз алдымда турасың,
Канча адамдын көңүлүнү бурасың.

 

Бир мен эмес бүткүл элим арманда,
Мал жайытсыз тескейлерге калганга.
Жаштык кезим өмүрүмдү өткөзүп,
Мен жүрөмүн Мургабымда арманда.

 

Балалык кез жинди улактай убагым,
Эстей берем Жан-Булактын булагын.
Кубалашып, суу чачышып ойногон,
Кара-Турук сууларыны бойлогон.

 

Кайырма
Мөлтүр кашка булагың,
Чырак ташым-чырагым.
Өчүп жанган өңдөнүп,
Сыйкырдуусуң, кереметсиң, турасың.

 

Турсунбаев Маматибраим

 

«САРЫКОЛ» пресс.

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.