САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Осмон Айтмаматов (1930-1990)

САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ: Осмон Айтмаматов (1930-1990)

Мургаб ранонунун эмгекчилерине «Осмон апыз» деген ат менен таанылган Айтмаматов Осмон 1930-жылы 10-мартта Раң-Көлдө туулган, уруусу согур, Мургаб кыштагында 1946-жылга чейин билим алган.

 

1948-1950-жылдары ушул Мургабдагы мектепке мугалим болуп иштеген. 1950-1952- жылдары Ак-Сууда мугалимдик кесибин уланткан.

 

О.Айтмаматов 1955-1956 жылдары Көөнө-Коргондо колхоздун башкармасынын орун басары болуп иштеген. 1956-1962 жылдары райсобесте, 1962-1964-жылдары Көр-Текедеги шахтада жана башка көптөгөн жумуштарда эмгектенген.

 

Осмон апыздын атасы Айтмамат да кошокчу, жамакчы ырчы адам болгон экен. Осмон апыз алты жашында эле ырдын башын чүргөп, сөздү куюлтун айтууга шыктуу болгон. Ал аш тойлордо көп эле ырдаган. Анын айрым ырлары «Мургаб коммунист» деген райондук газетага басылып турган. Айтмаматов

 

Осмон апыз 1990-жылы 20-августта катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

 

Юбийлейлик куттуктоо

«Мургаб коммунисти» газетасынын 50 жылдык юбилейине карата жана ошондо иштеп жаткан кызматчыларга, жумушчуларга ишиндеги чоң ийгиликтерди, үй-бүлөөдөгү бактылуу турмушту каалоо менен төмөнкүдөй ыр саптарымды силерге арнаймын.

 

«Мургаб коммунисти» газетасынын редактору Миталип Жумабаевге

Уйкаштырып бир даалай,

Учкул сөз, ырдан жаздыңыз.

Кызматта жүрүп саясый,

Кыйла эле жолду бастыңыз.

 

УАЗдын алып жаңысын,

Узак жол калды жакындап.

Күч алсын талант эргисин,

Күн өткөн сайын закымдап.

 

Жакында мүчө болдуңуз,

Журналисттик жагына.

Жарашып жаңы чыгарма,

Жаза бер иним дагы да.

 

Жооптуу секретарь Сууcap Токтоматовага

Бааланып эмгек жолуңуз.

Басмага шике кондуңуз.

Көп жылдар иштең кут болсун,

Секретарлык ордуңуз.

 

Арбыта бериң ыр сабын,

Аялдан чыгар акынсыз.

Ар качан шек жок талантка.

Акындык жакка жакынсыз.

 

Адабии кьзматкер Кеңешбек Абдалимовго

Адабий иштин алды артын,

Билгендер билет сөз баркын.

Ойдогуну жазгын Кеңешбек,

Окуган билсин эл салтын.

 

Кеңешбекке каалоо кааларым,

Кержейе көрбө ар дайым.

Бактылуу болтун турмуштан,

Байсалдуу кадам арнаймын.

 

Наборщик Катыча Козукуловага

Катыча кыз, наборщик ишиң дайын,

Каныктың сен билесиң иштин жайын.

Көздөгөн чоң, максатка кулач жайдың,

Басмада өсө бергин барган сайын.

Радио кабарчысы Кудаш Жумагуловго

Кинону үзбөй күндө көртөн бар.

Саат үчтө берүүңүздү самаган бар.

Кудаштын атын угуп, курсант болосуң,

Турмуштук берүүлөрдү каалаган бар.

 

Диктор кыз жакшы окуйт, чекитке турса деймин,

Токтоо окуп элдин көөнүн бурса деймин.

Өтө эле шар кеткенде маани чыкпайт,

Берүүгө так жыйынтык кылса деймин.

 

Бухгалтер Базаргүл Турдубековага

Базаргүл баш бухгалтер эсеп менен,

Баарынан татаал, кыйын эсеп деген.

Эзелтен да эсепсиз иш болбогон.

Мекендин үнөмдөөсүн бек колдогон.

 

Эсепти баары билбейт чындыгында,

Бул сөздүн маанисин билгендерге.

Эсептеш кызматты баары билбейт,

Базаргүл түшүндүргүн жүргөндөргеө.

 

Басмакананын башчысы Таабалды Жүндүбаевге

Басмага ишиң сиңди, көп жыл болду,

Башыңа Табыш иним бакыт конду.

Улгайып кеткениңби биле албаймын,

Иштейсиң карабастан оңду, солду.

 

Шрифти терген кезде кара болот,

Үлгүрүп жума албасаң эки колду.

Бюрократтык жайы жок бул жигитте,

Бирдей көрөт кичүүнү жана чоңду.

 

Печатник Токтомат Kөчөновго жана Линотиттер Майрамбек Бекчороевке

Токоп басат печатка шакылдатып,

Майрамбек берип турат жакындатып.

Баштаган соң печатник-линотиттер,

Барактарды чыгарышат бакылдатып.

 

Ишиңер да ийгиликтүү боло берсин.

Планы да, печати да толо берсин,

Майрамбек, Токон, Табыш айтар сөзүм.

Башыңарга бакыт таалай коно берсин.

 

Кыргызстандык жазуучу жана акындарга саламдашуу

                     I

Талантты кантип басуучу.

Даникеев Өсөкем,

Too инженер жазуучу.

Кыдырып эчен жер көрүп,

«Кыздын да сырын» табуучу.

Илимиң бараг өркүндөп,

Инженер агай жазуучу.

Жалпыңа айтам саламды,

Жазуучулар, акындар.

Араңарда атактуу,

Алымкан аттуу акын бар.

Ар кандай сөздү кураган,

Акындарда акыл бар.

«Кызыл мончок», «Түйүндөр»,

Кылымдар бою закымдар.

Акын агаТашбаев,

Оштон чыгат даңкыңыз.

Орчуңдуу кызмат аткарып,

Областта күчтүү баркыңыз.

Акындык жайың белгилүү,

Ардактайбыз жалпыбыз,

«Кыдырып Кыргыз тоолорун»,

Кыйлага кетти даңкыңыз,

                     II

Мекеним Мургаб жергемде,

Меймандос болот калкыбыз.

Обончу иним Эшбаев,

Обонуң элге тараган.

Уккандар толкуп эфирден,

Уксам деп дагы самаган.

Музыка коштоп ыр чыкса,

Мукамдуу үнүң каалаган.

Кыздарга жазган обонуң,

Кыргызың бүгүн баалаган.

Менин жайым уксаңар,

Апыз Осмон боломун.

Анча-мынча тойлордо,

Азыраак ырдап коёмун.

Ырдап койсом тойлордо,

Ырчы деп калат элибиз.

Илгертен кыргыз жердеген,

Дайындуу Мургаб жергебиз.

Акындык жайым канча экен,

Акындар баалап бериңиз.

Тутушуп тууган бололу,

Туугандар жылда келиңиз.

                     23.09.1983 ж.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.