Калемгер-ага Таштанбеков Ыса Султанович

kalemger-aga-tashtanbekov-ysa-sultanovich 2Тажикстан Республикасынын ТБАоблусунун Мургаб районунун Ыраң-Көл жамаатына караштуу Чечекти айылында 5-июнь 1960-жылы кара жумушчунун үй-бүлөөсүндө тууулган. Үй-бүлөөдө төрт бир туугандын ортончусу. 1968-жылы райондун борбору Мургабта №1 Ленин атындагы мектепке 1-класска түшүп 1978-жылы 10-классты бүтүргөн. 1982-1986-жылдары Коргон-Төбө шаарында совхоз техникумду аяктап “Аграном” кесибине ээ болгон.

 

Эмгек жолу 1978-жылы Чечектиде илим изилдөө билологиялык станциядан башталган. Андан кийин “Ленин-Жолу” совхозунда, райондук айыл чарба башкармасында агрономдук кесипте эмгектенген. Акыркы жылдары эл агартуу бөлүмүндө экономист, андан кийин райондук жер комитетинин башчысы болуп жүрүп эс алууга чыккан.

 

Бул киши окуп жүргөн кезинде эле ыр жазууга кызыгып ыр жазып, Мургаб коммунисти кийин Сары-Кол газетасына берип жүргөн. Өзүнүн Мургабым, Сары-Колум, Чечектим, Ата-Энем, Ден-Соолук, Бир тууган деген көптөгөн чыгармалары менен белгилүү.

 

Жубайы Айнахан Мидинова экөөбү 36 жылдан бери бактылуу өмүр сүрүп, бир кыз төрт уулду тарбиялап, алты неберенин чоң ата, чоң энеси. Экинчи уулу Мухаммед Султанов да атасынын жолун жолдоп Бишкек шаарында Исскуство университетинде окуу менен бирге ыр жазып комуз менен акындык өнөрү менен таанылып келе жатат. Ыса Султанович 60ка чыкса да чыгармачылык өнөрүн улантууда.

 

Сизге кааларыбыз чын ден-соолук, ишиңизге ийгилик, өнөрүңүз өркүндөп, жаштарга, балдарыңызга насаат берип, эли-журт, тууган-урук менен аман эсен болушуңузду тилейбиз жана сиздин төмөндөгү чыгармаларыңыз менен сыймыктанабыз.

 

ТУУЛГАН ЖЕРИМ ЧЕЧЕКТИМ!

Туулган жерим Чечектим

Сай-сайдын бою чекенди.

Балачак өттү ушунда,

Эл гүлдөп турган тушунда.

 

Ата-Энем мында өскөн жер,

Ырыскы-дөөлөт төккөн жер.

Биостанция колхоздон,

Нечен бир адам өткөн жер.

 

Ак-Сай, Мукур, Зор жылга,

Таш-Коргон, Матык, Сары-Жылга.

Жөргөмүш, Чүкүрү жегенге,

Чечектиге баргыла.

 

Жаргылчак, Бүлөлү, Горумду,

Жайлоолору кең келет.

Ак-Байтал ичи Сасыкта,

Күзүндө малы семирет.

 

Колхоз-совхоз уюшуп,

Канча адамдар өткөн жер.

Билимдүүлөр көп чыгып,

Чечектимден өскөн жер.

 

Ийгилик каалайм элиме,

Чечекти менин жериме.

Ынтымак болуп элимде,

Ырыскы болсун жеримде.

 

Жакшылык иштер көп болуп,

Дасторхон толсун элимде.

Жараткан өзү оңгоруп,

Тынчылык болсун жеримде.

 

КЛАССТАШ

Биринчи класс болгон рахат

Айсабек агай сизге рахмат

“Аа” дегенде тамга таанып,

“Бб” дегенде билим алып,

Биринчиде Алиппе үйрөндүк.

 

Онунчуда окуганда биз.

Абдыкаар агай келдиңиз.

Ыраазыбыз сизге дагы,

Ак жол каалап бизге дагы,

Аттестатты колго бердиңиз.

 

Андан бери көп жыл өтүптүр,

Билинбестен мезгил кетиптир,

Кайда жүрдүң кагылайын,

Караныңдан айнанайын,

Бирге окуган курбу классташ.

 

Мына бүгүн жолугуштук биз.

Кырк жылдыкты белгилөөгө биз.

Эстейликчи балалыкты,

Сумка алып баралыкпы,

Билим берген Ленин мектепке.

 

Арабызда азыр жокторду.

Ойлогондо ичим от болду.

Көлдө сүзгөн неме сыңар.

Көзүбүздө элеси бар,

Эскерели өткөн досторду..

 

Унутпагын эми классташ.

Бириң көрсөң, бириң урматташ.

Алкыш айтам мектепке да,

Агайыма-эжеме да

Билимиңер бизди гүлдөттү.

 

САРЫ-КОЛУМ

Ата-бабаң чоңойгон,

Атактуу болгон Сары-Колум.

Кыргыз салтын кармаган,

Кымбат жерим Сары-Колум.

 

Дүйнөнүн чокусу,

Бийик жерде Сары-Колум.

Мергендер самап атышкан,

Кийиктүү жер Сары-Колум.

 

Чеш-Төбө, Бахбур, Ылы-Суу,

Суулары бар Сары-Колум.

Саарлап тоодо ышкырган,

Улары бар Сары-Колум.

 

Шыбак, терскен жыттанган,

Жайлоосу кенен Сары-Колум.

Шыдыр оттоп семирген,

Топоз койлуу Сары-Колум.

 

Желдетип күндө ышкырган,

Шамалы соонун Сары-Колум.

Ата салтын унутпаган,

Амалы соонун Сары-Колум.

 

Кой сойуп тосот мыйманды,

Адамдар соонун Сары-Колдо.

Зыярат кылып суу-сууга,

Кадамдар соонун Сары-Колдо.

 

ДЕН-СООЛУК

Аллахым берген байлыгың,

Эң биринчи ден-соолук.

Кыйналып сени төрөгөн,

Ал Энең сенин ак жоолук.

 

Аман болсо алты сан,

Ошондо болот ден-соолук.

Кайгырбаса Ата-Энең,

Кош болот сенде ден-соолук.

 

Кыйналбай жакшы жашасаң,

Чың болот сенде ден-соолук.

Кыйналып ооруп жашасаң,

Кымбат болот ден-соолук.

 

Шайыр мүнөз сен жүрсөң,

Чың болот сенде ден-соолук.

Ата-Энең сыйлап сен күлсөң,

Таң болот сенде ден-соолук.

 

Жайдары мүнөз сен жүрсөң,

Жакшы болот ден-соолук.

Өзүңө күйүп сен жүрсөң,

Ыраазы болот ден-соолук.

 

Кыймылдап дайым жөө бассаң,

Чың болот сенде ден-соолук.

Капаланбай сен күлсөң,

Тың болот сенде ден-соолук.

 

Адамга кымбат баарынан,

Бул биринчи ден-соолук.

Андан кийин аласың,

Бул жубай саңа ак жолук.

 

Алдыны алсаң ар дайым,

Аман болот ден-соолук.

Өзүңө күйбөй тек койсоң,

Жаман болот ден-соолук.

Ыса Султан уулу

 

"Сарыкол"-пресс

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.