Ата-эне берет насаатын

Ата-эне берет насаатын

Жан кызым барасың сен башка үйгө,
Ал үй сага жакын болот күндөн күнгө.
Алдыңда учураган ар кандай иш,
Сен үчүн бакыт болсун, алга сүрө.

 

Жакшы сөз жан эргитет муну билгин,
Жаман сөз жан кейитет эстей жүргүн.
Ошондуктан жүрөктөргө так калтырбай,
Кызым сен, ар бир ишти ойлоп кылгын.

 

Ачуу душман, ага тизгин алдырба,
Ажырашуу кыйын мүшкүл муну байка.
Таарынычты салгын кызым, сууга чайка,
Сууга түшкөн туз сымал болсун майда.

 

Жан кызым, сен барасың башка үйгө,
Бактың толуп турсун күндөн күнгө.
Бул жердин очогун өчүрбөстөн,
Алоолонткун жаным кызым түбөлүккө!

 

Шыктуу болгун, бир аз чоктон, алоо жагып,
Эптүү болгун, бир аз ундан мол нан жаап.
Берекелүү ушул үйдүн бейкуттугу,
Сага болсун турмушуңда чоң бир жарык.

 

Ал жерде сени баалайт турмушуңдан,
Пас болбо душмандарга табалаган.
Сен менин мөмөмсүң, алга кызым,
Сенин бактың, менин бактым сыймыктанган!

 

Эрке кызым, сен барасың башка үйгө,
Жолдошуң сага болот бек өбөлгө.
Сыйлагын кадырын, баркын билип,
Ал жерде эң жакының, таянарың ошол жигит.

 

Эминова Айтолкун, №2 жалпы орто билим

берүү мекемесинин орус тили мугалими.

Мургаб району.

«САРЫКОЛ» пресс.

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.