Алгачкы адабий ийрим: “Мургаб оттору”

Алгачкы адабий ийрим: “Мургаб оттору”

Жакында Москвалык акын А.Д. Медведев жана Памирлик акын Ширин Бунёд районубузда болуп, өздөрүнүн ырларын эл ортосунда окуп беришти. Ошону менен катар райондо биринчи жолу адабий ийрим уюштуруп, анын атын “Мургаб оттору” деп атады.

 

Бүгүн адабий ийримдин мүчөлөрүнүн чыгармаларын сиздерге тартуулоону туура таптык.

 

Миталип Жумабаев

“Мургаб оттору” адабий

ийриминин жетекчиси

 

Памирим

 

Атактуу Памир Алайда,
Лениндин пиги заңкайган.
Чет жерден келген туристтер,
Кең Памирге таң калган.

 

Тоолоруң аппак кар баскан,
Тоо-ташка малы жарашкан.
Көз жеткис мунар зоосунда,
Too кушу улар сайрашкан.

 

Ак суунун суусу шар агат,
Сары-Колду келет аралап.
Кичинекей булактан,
Күркүрөп дайра жаралат.

 

Базар-Дара, Көр-Теке,
Жерлерден өтө салаалап,
Кербезин тартып Сары-Колдун,
Сарезге барып камалат.

 

Жайында келгин куш келет,
Өрдөк, чүрөк бут келет.
Булуң -Көл менен Жашыл-Көл,
Ак куулар жатат мекендеп.

 

Чеш-Төбө, Памыл, Кеңшибер,
Кайберен жүргөн жер болот.
Түлкү менен коёнго,
Толуп жаткан боз колот.

 

Кара-Белес, Миң -Гажыр,
Ээн жаткан Чат-Токой,
Төөлөрү жүрет чубалып,
Тайлактары токтобой.

 

Элиме элдер суктанчу,
Эл, жерим балкып тынч алат.
Туулган жерди көргөндө,
Тамылжып бетим нур чалат.

 

Халил Мурзахматов

Таанылгыстай өзгөрдүк

 

Бүгүн элим жүзү жарык шаңданып,
Беш жылдыкка албан эмгек камданып. Памириме келген ар кыл мейманды,
Кубанычта биз тособуз жарданып.

 

Чарбан өстү жаш кырчындай дүркүрөп,
Төрт түлүгүң өрчүп жатат күтүрөп.
Элиң жылда планды ашык аткарып,
Маанайы ысык тосот досту күлүңдөп.

 

Чыкты сенден мыкты улан-кыздарын,
Көз тайгылат буюмуңду жасаганда уздарың.
Кат .билбесе калың элин ал кезде,
Билимди азыр алып жатат жаштарың.

 

Бугун Myprаб таанылгыстай өзгөрдү,
Бир кездеги муң-зар кетип бөскөрдү.
Көчөлврү тал тигилип, суу чыркап,
Москвадан Мургабыма телевизор көргөздү.

 

Аба кушу аэроплан лепилдеп,
Заматта эле Душанбеге жеткирет.
Жигиттериң “Жугилиде” чалкалап,
Эл турмушун көрсөң көөнүң сергитет.

 

Бүгүн мына биз ушундай өзгөрдүк,
Тарых буга болду мына күбөлүк,
Бак-таалайды бизге берген кош колдоп,
Улуу урмат партияга түбөлүк !

 

Миталип Жумабаев

 

Ак жол

 

“Суунун башы булак" дейт ата-баба, Кайрыламын калайык журтчулукка.
Келиңиздер таланттуулар чогулуп
Ак жол тилейм “Мургабдын отторуна”

 

Булак болуп дарыяларга кошулабыз,
Бүчүр болуп теректерге созулабыз.
Ар кимдин өз алдынча талантты бар,
Биригип уюм болуп олтурабыз.

 

Шайдылда Каландаров

 

Жолдоштук азилдер

 

“Ленин жолу” совзозунун чабаны Майрамбек Бегматаевке

Илгертен бери Майрамбек аке,
Эмгектенип келе жатат жеке,
Адал иш, ак ниет колунда бар берекке,
Быйылкы төлүн аман асырап сактап,
Жүзүдөн алды жүз жетиге,
Адал эмгегиң үзүрүн тап.

 

“Мургаб”совхозунун чабаны Боронбай
Халиковго

Кадимтен бери Боронбай авам,
Эмгектенип келген кесипте чабан.
Быйылкы төлүн жүздөн жүз беш алган,
Үзүрлүү болсун эмгегиңиз ушундай,
Каарыгында кайрат кубат байлапсыз.
Процентиңиз төмөн калбасын мурдагыдан
Каалайбыз ийгилик дем күч ишиңизге,
Такшалбаган тажырыйбаңыздан айтып туруң, Чабандарга көрсөтүп кичине кичине.

СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун чабаны Туратбек Раимкуловго

Күжүрмөн чабан Туратбек,
Асырап багып койлорун,
Жүзүдөн жүз он тубар деп,
Айтканыны аткарган
Коммунистче тапталган,
Эмки жылга демилге,
Жүзүдөн жүз жыйырма алың кеминде...

 

“Кызыл-Чекарачы” совхозунун чабаны Кошон Мурзапаязовго

Кошон аке кош дегенде
Койлору коңур тартып жайылган,
Эттүү, алдуу илгертен малың багылган,
Жүзүдөн жүз баш козу алдың,
Быйылкы болгон табылган,
Аракетиңиз эзелтен чоң,
Ишиңиз болсун дага оң.

 

Азилдерди жазган Чөндөбай Орозбаев

 

Ч ы м ч ы м а л а р

 

- Акенди сагынып жүргөн чыгарсың?
- Ооба, бирок тиги каттан соң сагынганым жок,
- Катта эмне дептир?
- “Саган эч нерсе алганым жок"- дептир.

* *

- Сен аны кайсыл мезгилден бери сүйөсүң?
- Карегиме кадалгандан бери.

 

Казакчадан которгон Ошур Жакыпов

Жылмайып коюңуздар

 

Мүмкүн эмес

- Эмне үчүн сиздин пивоңуз жылуу деп, сурады сатып алуучу.
- Мүмкүн эмес деп, тандана - мен азыр эле пивонун бочкасына бир челек муздуу суу куйдум, деди сатуучу.

 

Ким сүйөт

- Василь, сен мени сүйөсүнбү
- Сүйөм.
- Өмүрүңдү мен үчүн курман кыласынбы ?
- Анда сени ким сүйөт.

 

Орусчадан которгон Б. Базарбай

 

"МУРГАБ КОММУНИСТИ" 1983

А. Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.