Акылбек Жаңыбаев: “Ата деп кусадан санаам чыкпай"

Акылбек Жаңыбаев: “Ата деп кусадан санаам чыкпай"

                               -//-

Авам бар эде көңүлүн алган баарынын

Жоготуп алып , түгөнүп барат сабырым

Бир жума болду о дүйнө көздөй жол алды

Ава жан сизди аябай катуу сагындым

 

Бир жумаа болбой, кусадан турам саргайып

Көзүңө жетпей, тагдырдан катуу арданып

Кана эми аттиң, бир жолу уксам үнүңдү

Бир жолу кана кайрылып келсеңиз айланып

 

Чоң энем бакты, жашымдан алып колуңдан

Эркелик кылып, адаштым нечен жолумдан

Кеткен соң энем, тарбия бердиң ава жан

Баралбай калдым көзуңө катуу оорусан

 

Дөөлөтүм ава бейиштен болсун оорунуң

Багам деп бизди, суукта жүрүп оорудуң

Ар кайда кетип, кыйналып калат бизди деп

Чогултуп дайым, чаң жугузбай гоорудуң

                     -//-

Атакем кетип арадан

Арылбай ойдон, санаадан

Ар күнү жоктоп, шолоктоп

Армандуу ырлар жаралган

 

Кыйылбай берчүү батаны

Жоготуу оор го атаны

Ата бул акылман тура

Кечире билчүү катаны

 

Кейиймин жалгыз калганда

Билгизбей ыйлайм балдарга

Бактылуу эле жан элең

Хан, бийдей жүргөн жалганда

 

Мургаб району

Кара-Көл айылы

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.