Зыярат ар бирибиздин жүрөктө

Зыярат ар бирибиздин жүрөктө

Cаламатсыздарбы!

Атым Гульнара Байназарова Ташполотовна. Сайттагы жанылыктарды окуп отуруп, калкыма, айылдаштарыма, деги эле человечествого капа болом!

 

Биринчиден: Аравияга барып ажы статусун алып келгендерди куттуктайм!

Экинчиден айтайын дегеним: капа болбоңуздар окурман, өзү биздин эл көрмөсөктөй берет, жаштыгында кылбаганды кылып, анан каарыганда бир Ажылык сапарга барып келсе эле биздикилер кудайга сыйынгандай бааары барып алышат зыярат деп! тушунбойм!!!

 

Зыярат ар бирибиздин жүрөктө болуш керек!

Жакыныбызды сыйлап, жардам берип, сүйүп, аяп, материально, физически, морально жардам берсек!

Бир бирибизге ырайымдуу мамиле жасасак ушул эмеспи зыярат!

Калп сүйлөбөй, ушак айтпай, уурдабай жашасак ушул эмеспи зыярат!

 

Мени туура түшүнүнүздөр, мен бул жерде ичим күйүп же башка жаман оюм жок, болгону айтайын дегеним эмнеге элдер Ажы деген статуска умтулуп атабыз?

 

Эмнеге АДАМ деген статусубузду унутуп булгап атабыз ???!

 

Кээ бир ата-энени ажыга жибериш үчүн бала чакасы кредит алып жиберишет, анан ата энеси барып келгенден кийин дагы канча жыл байкуштар кредит төлөшөт, жөн эле Ажыга баруу модага айланып кетти.

 

Кудай менин күнөөмдү кечирсин !!!

 

Гульнара Байназарова
Тегеран

sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

комментарии

Расул kg

Понедельник, 02 Ноября 2015 23:11

Биздин дин мусулман динибизди кантип сынга алып жатасынар алар меккеге баррып келишти мухаммаед пайгамбарым сагабалар жашап откон жер. кудай мургабда дэле бар бул жактанда сурасан берет дейсин оа кудай берет беруучу зат а парызыбызды аткарбайбызбы? Ажыга баргандар ажылыгы кабыл болбосода эн кооп сооп табышат .сындаганга эч нерсе калбадыбы элди сында маданиятты сында озун мусулман болуп туруп анан ажыларга жеттинерби сындоонор дин жолуна баргандарга сын такпачы андан коро озун толук мусулман бол кураан китептерди оубаганын ушу жерде байкалады. сен кооп кооп дин боюнча уйрон демекчимин Гулнур уят бул айткандарын сенин айтканын логикалык тушуну боюнча Бир коз карашта сындоо а филсофиялык коз карашта коро албастык экенин тушундурот. ошон учун кыргызда жакшы соз бар "нанды чоон тиштегендей созду чоон суйлобо " аажыга баргандар халлал жол мененби каарызга алып барабы аны кудай алдында оздору жооп берет. эмне керек дин боюнча толук билбейсин анан ажыларга асыласын деенгелинди жердин битиненда пас кылуу менен динге тиешелуу ажыларды аалымдарды сындоого болбойт себеби биз алардын деенгелинде эмесбиз
Туура тушунгуло!!! Урматуулар

Расул

Понедельник, 02 Ноября 2015 22:25

Урматтуулар эн биринчи озубузду билишибиз керек адамдын айткан созу анын кандай экенин тушундуруп турат Гульнара сенин айтканын негизи айтканда бул ажыга баруу парз озубузду билишибиз керек дегенибиз кучун ажыга бара албагандан кийин сындоого болбойт.Кудай мурабда эле эмес 18 мин ааламды сени менен мени жараткан ажыга баргандар араб тилинде меккеде тилебей аларда меккеде кыргыз тилинде тилешет.ал жер Мухаммед пайгамбарым жашап откон жер ажылыктарга эч качан сын такпагыла себеби ажыга баруу учун алар ниет кылат эн биринчи ажыга барганга сын такпай карызга алып барабы байлыгы ашып барабы ошого кучунор жетпейби сын такпагыла ажыга баргандардын ажылыгын кудай кабыл кылсын кудай жолундагыларга сын такпай андан коро ниет кылалы

Гульнара Байназарова

Среда, 21 Октября 2015 11:05

урматту Абубакир, менин айтайын дегенимди сиз туура тушундунуз! рахмат!
эгер чын журоктон Аллахтан тилесек Аллах аны берет! куноолорду кечир десек кечирет, ал учун атайын Мединага барып тилеген онбу? менин оюмча ар бирибиз оз тилибизде (мисалы кыргыз тилинде) кайрылсак деле Аллахым тушунуп ошону берет бизге!
мен араб тилин билбейм, бирок дайым кыргыз эле тилде Аллахка кайрылам: ата-энеме ден соолук,узун омур,жакшылыктарды бер деп! менин оюмча кыргыз тилин деле Аллах тушунот! ар бирибиздин тилегибизди орундатат, себеби Аллах дуйнодогу эн ырайымдуу,эн кечиримдуу эмеспи?!
ошондой эле ойлойм: Аллах Мургабта да бар бир эле Мединада эмес!
туура тушунгондорго чон рахмат!

Абубакир

Вторник, 20 Октября 2015 18:25

Гульнара сенин айтканын негизи туура бирок, кээ бир жазганын туура деп эсепптебеймин анткени ажылык Аллах Таалам бизге кылган Беш парздын биросу эгер доолотуу Адам болсо парз болгон парз, Аллага шугур элибиз бугунку куну байышып, доолотуу болуп, уул кызы байышып ажылык сапарга барып жатканы кубандыраткан корунуш. Сен айткандай кредит алып атандаашып барып же сен айткандай кормосоктоп барганы ото кейиштуу нерсе. Бирок ошол жаш кезде кылган,чон жана кичине куноону жууп, куноодон кутулам деп умут менен баргандар да бар иншаллах.Кана ошол ислам шарыятарын тушуно билип кечеки каттуу куно кылгандар жалпы барышса эн сонун болот эле. Конечно менин айтайын дегеним доолотуу халал жол менен таап анан барса ото жарашат жана Аллах Таалам да ыраазы болот болуш керек.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены