«ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ» тобу

«ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ» тобу

«ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ» тобунун алгачкы тушоо кесүү концерти Сары-Кол жеринде ушул жылдын 24-февралынын 3-мартына чейин болмокчу. Топту 2017 жылы түзүүгө аракеттер болуп, 2018 жылдын башында Ыраң-Көл айылынын "Мырзалар" тобунун жана Мургаб жаштар комитетинин колдоосу менен топ түзүлүп алгачкы кадам шилтөөдө.

 

«ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ» тобунун алгачкы концертинде ырлар, интермедиялар жана башка өзгөчө номерлер менен коштолот. Топтун максаты элибизге жылына жакшы күлкүлөр, ырлар менен жагымдуу маанай тартуулап туруу.

 

Топтун жигиттери Ыраң-Көл айылынын азаматтары Абдусалом Абдыжапаров (аккордеон) 1997-жылы 2-сентябрь айында туулган, Маматжумаев Наби 1998-жылы 20-январь айында туулган, Аблечов Мирлан 1999-жылы 18-май айында туулган.

 

Жигиттерибизге чыгармачылык ийгиликтер !

 

 

 

«ЖАҢЫ ДООРДУН УЛАНДАРЫ» тобунун алгачкы концертине келип күбөө болуп кетиңиздер.


Гастрол графиги:

Ыраң-Көл – 24.02.18.

Шаймак – 25.02.18.

Токтомуш – 26.02.18

Көөнө-Коргон – 27.02.18.

Баш-Гүмбөз – 28.02.18.

Аличор – 01.03.18.

Мургаб – 2-3.03.18.

 

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены