Уламыштар: Бозноч

Уламыштар: Бозноч

Сарыкол жергесинде дары чөптөр жөнүндө дагы көптөгөн уламыштар, укумуштар айтылган. Алардын бири бозноч деген дары чөп туурасында айтылган төмөнкүдөй бир уламыш эл оозунда айтылып келген.

 

Илгери эл ичинде бир эң күчтүү дарыгер адам жашаган экен. Ал укмуштай дарыгер болуп, чөптөрдүн тилин билген экен, башкача айтканда ар бир чөптү өзүнөн сурап пайдаланып дарыларды жасачу экен.

 

 

Бир күнү ал дарыгердин өзүнүн жалыгыз баласы катуу оорууга чалдыгат. Канчалык аракет кылып, түркүн чөптөрдөн дары жасабасын чөптөрдүн бардыгы эле «мен даба боло албаймын» дел туруп алышат. Ошентип бир кыйла мезгил өткөндөн кийин баласы оорудан айыкпай көз жумат. Баласынын бөйрөгүнөн чыккан ташты алып бычагынын кынына байлап алат.

 

Бир күнү алыскы сапардан атчан келе жатып, бешим намазын окуп алайын дел жылганын башында суудан даарат алып, белиндеги бычагы байланган курун чечип шибердин үстүнө таштап коюуп, намазын окуйт. Намазын окуп бүтүп кайра келип курун алып тагынайын десе, баягы кынга байланган таш эрип түшүп калыптыр. Дарыгер муну көрүп кайгыланып, «сен кайсы чөпсүң, менин жалгыз баламды убагында сактасаң болбойт беле?» - деп көзүне жаш алат. Ошондо ал чөл адамча сүйлөп, «Мен бозноч деген болом. Эмнеге сен бардык чөптөр менен сүйлөшүп мени менен сүйлөшпөй койдуң эле, мен балаңдын дартын дабасы элем» - дейт.

 

Ошондо өзүнүн кетирген кемчилигин сезген дарыгер минтип ырдаган экен:

 

Бозночко көңүл бурбадым,

Жалгызым деп ыйладым.

Дарылыгың билгенде,

Сени карал турбасмын

 

деп кайгырып басып кеткен экен. Ошол кезден баштап Сарыколдогу бозноч деген сайда жана тоо боорунда өскөн чөп, бөйрөк оору, кан басымды төмөндөтчүү дары катары колдонулуп келе жатат.

 

"САРЫКОЛ ЛЕГЕНДАЛАРЫ"
Мургаб-2007
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены