Памир тоолорунун арасындагы аракетчил мугалим

pamir-kabarlarypamir-toolorunun-arasyndagy-araketchil-mugalim 2Эскерүү:

(Чыгыш Памир) Сары-Кол өрөөнүндө Алахунов Жума аттуу мугалим агайыбызды жалпы жердештери , окуучулары, чогуу иштеген кесиптештери, классташтары, жоро-жолдоштору, замандаштары өтө урмат кылып сыйлашар эле. Билгенге бул адамдын агартуу тармагындагы эмгеги өтө чоң ! Өз учурунда агай кесипкөй мыкты мугалимдердин бири болгон экен десек жаңылышпайбыз.


Айта кетчү нерсе:

Жума агай келечек муунду тарбиялап өстүрүүдө эле эмес жалпы эле баарыбызга үлгү болорлук ,өткөндү унутпай тарыхый иштерди да жасап жүрүүгө далалат кылып , көп эмгектерди жасап бизге таштап кеткен экен. Арадан бир канча жылдар өткөндөн кийин ,Жума агайдын ошол кезде мектепте окуучуларга сабак берип жаткан учурларды атайын үн-тасмага жаздырып кеткени бизге белгилүү болду. Агай окуучулар менен болгон сабак учуру , өзүнүн сабак өтүү ыкмасы, окуучулар менен баарлашуу, суроо-жооптор, окуучулар менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаралар ,ж.б.у.с. коомдук иштерди атайын үн-жаздыргычка жаздырып сактап калган.


Арадан бир канча убакытар өтүп , Алахунов Жума агайдын көзү өтүп кеткенден кийин жаздырган үн-тасмалары биздин колубузга тийди. Биз жалпы жердештер аксакалдар менен кеңешип , агайдын тасмаларын , кайра көчүрүп заманбап флешкарталарга дисктерге жаздырдып алдык ,агайдын үй-бүлөсүнө да бир көчүрмөсүн белек кылып тапшырдык .


Учурда агайдын 15 даана үн тасмасы кайра көчүрүп жаздырылды, дагы 2-даана үн-тасмасы кайра көчүрүлүп жазылып жатат. Биз үн тасмаларды угуп отуруп, ошол жылдардагы эжеке-агайларыбызды , ошол жылдардагы окучу кыздар-балдарды баарын эстеп ,ошол мезгилдерди бир кылчайып эстей толкунданып отурдук. Көрсө Жума агайыбыз өтө чоң эмгек кылган экен, бизге кийинки муунга баалуу тарыхый таберик калтырыптыр! Мындан ары биз агайдын жазып калтырган үн-тасмаларын угуп ,тээ алыскы Памир тоолорунун арасында калган мектебибизди , алтын балалык доорубузду ар-дайым унутпай эстеп жүрөбүз. !


Эч-Ким , Эч-Нерсе унутулбайт !


Дагы бир айта кетчү сөз :

Учурда, Алахунов Жума агайыбыздын бир канча кол жазмалары биздин колубузда турат. Бул кол жазмаларды бир-сыйра көз жүгүртүп окуп чыгып, агайдын жөнөкөй эле катардагы мугалим эмес , ойчул философ, акын, да болгон экен деп таң-калып, таңданып бүтө албайбай отурабыз! Кудай буюруп каражат табылып калса , Алахунов Жума агайдын кол жазма дептерлерин кайра жаңыртып кагазга түшүрүп , өзүнчө бир китеп чыгарып койсок деп максат-тилек кылып жүрөмүн.

Агайдын кол жазмаларында : Окуучуларга өтүлүүчү сабактарды атайын ыр түрүндө жазган саптары, Союз кулагандан кийинки тоо элинин жашоо-турмушу, Ой толгоолор, Эскерүүлөр, Өзү жөнүндө, Кайберендер, Тоолор, ж.б.у.с.темалар камтылыптыр.


Алахунов Жума 1941-жылы Мургап районунда туулган, аталган аймакта 1- В.И.Ленин атындагы орто мектепти аяктаган. Жогорку билимдүү. Алгачкы эмгек жолун Токтомуш ( Ак-Суу) айылында мугалим болуп иштөөдөн баштаган .1969-жылдан баштап пенсияга чыкканга чейин эл агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенген. 2018-жылы дүйнөдөн кайткан.


Өскөнбай Бердибаев
www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены