Памир кыргыздарынын тарыхый мекенине бөлбөстөн көчүрүп келүү керек

Памир кыргыздарынын тарыхый мекенине бөлбөстөн көчүрүп келүү керек

Памир кыргыздары туралуу эки ооз сөз...

 

Маселени эки тараптуу алып карайлы:


I) Көчүрүп келсек болот:

а. -  Аларды документтештирүү (паспорт, күбөлүк, малдары үчүн документтер)

б. -  Үч мамлекет башчылары чек ара, коридор ачып берүү боюнча оң жагына сүйлөшүүсү.

в. -  Атайын көчүрүп келүү боюнча мамлеккеттик дирекция түзүп, көчүрүп келүү, жайгаштыруу, үй менен камсыз кылуу маселери менен иш алып баруусу.

 


Дирекцияны каржылоо булактары:

а) -  Эл аралык уюмдар.

б) -  Республикалык масштабда марафон уюштуруу.

 

150дөй үй бүлөгө үй салып, жер, жайыт берсек эле болот. Чоң-Алай районун Тажикстан менен чектешкен Алтын-Мазар деген жери өтө ыйгайлуу себеби төмөнкүдө.

 

Эмне үчүн Чоң-Алай:

а. -  Мурда чоң аталары ушул жерден көчүп кеткендери бар.

а. -  Уруусу, тили, салты, маданияты бир.

в. -  Чоң-Алайдын климаттык шарты туура келет. (Адаптациянын кереги жок)

 

Эмне үчүн Алтын Мазарга:

а. -  Ал жерде мурункудан калган баня, үйлөр, жайыт бар.

б. -  Памирликтерди бөлбөш керек 10-20дан кылып, баарын бир жерге жайгаштыруу зарыл. (Коопсуздук, санитардык-эпидемиологилык жактары бар)

в. -  Алтын Мазар стратегиялык жер, кен бар, аркы жагын тажиктер басып келе жатат, чек арабыз бекемделмек.

 

II) Көчүрбөй эле ошол жакка бардык шарттарды түзүп берсек болот. (Клиника, Мектеп, Жеңил конструкциядагы үйлөрдү куруп берүү аркылуу). Дүйнөлүк Көчмөндөр оюнун өткөргөн каражаттын бир четин эле жумшасак жетет, бирок Памир кыргыздын жери болгон, аны таштап кетүүгө болбойт дегендер да бар.

 

Орозбек Муратов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены