МУРГАБ: Совет доорундагы эмгек ардагерлери (сүрөт)

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 1Мугалимдердин бөлмөсүндөгү столдун үстүндө мектеп коңгуроосу турат. Кырк жылдан ашты. Ушул коңгуроо менен Тохтамыш айылында балдар 1934-жылы ачылган биринчи мектепте биринчи класска чакырылган. Ошондон бери ал балдарга ак ниеттүүлүк менен кызмат кылды. Азыр «ардагер коңгуроонун» ордуна электр коңгуроосу даярдалууда.

«Аны менен ажырашуу өкүнүчтүү», - дейт башкы мугалим Эсенбай Мамадниязов.

Анын бул үчүн өзүнүн себептери бар. Эсенбай мектепке ачылган күнү эле келди. Бул жерде ал 7-классты аяктаган. Педагогикалык техникумда, кийин институтта окуп жүргөндө бир нече жыл айылында жок болгон. Мына азыр 25 жылдан бери иштеп келе жатат: адегенде мугалим, андан кийин окуу бөлүмүнүн башчысы. Жыл сайын анын мурдагы окуучулары Киров атындагы колхоздун борбордук участогундагы 2-мектепте бүтүрүү салтанатына келишет. Алардын көпчүлүгү мал чарба адистери, инженер-техник кызматкерлер. Маселен, Жакен Маматалиев техникумду аяктагандан кийин туулуп-өскөн колхоздо иштеп, азыр райондук айыл чарба башкармасынын начальниги. Рахманкул Абдурахманов бала кезинен математикага жакын болгон, бул ага жогорку окуу жайда дипломун ийгиликтүү коргоп, Мургаб колхозунда экономист болуп андан кем эмес ийгиликтүү иштөөгө шарт түзгөн. No 2 мектепти бүтүрүүчүлөрдүн арасында мугалимдер, мал чарба адистери, чабандар, сакманчылар арбын. Ар ким өз насаатчылары тууралуу жагымдуу эскерүүлөр менен коштолду.

«Согуштан кийин да мектепте мугалимдер жетишсиз болгон», - дейт башкы мугалим Э.Маманиязов.

- Азыр мугалимдердин штаты толук бүттү. Бир нечесин кошпогондо бардыгынын жогорку билими бар. Алар өздөрүнүн мектебин сүйүшөт, анткени алар да бир кезде ал жерде окуган.

Математика мугалимдери Гулсара Муратова, Умарбай Худайбердиев өзгөчө жемиштүү иштешет. Колхоздун турмушунда No 2 мектептин мугалимдери зор роль ойнойт. Алардын көпчүлүгү агитаторлор, саясий информаторлор. Мисалы, СССРдин отличниги Эсенбай Маманиязов жакшы адис гана эмес, областтын мыкты пропагандисттери да болуп саналат. Анын портрети райондук Ардак тактага илинип турат. мугалимдер жамааты жана өз ара жардамдашуу мектепти окуу көрсөткүчтөрү боюнча да, тартип боюнча да мыктылардын катарына кошууга мүмкүндүк берди.

«Бадахшони Совети» гезити 50 (5726) 1975-жыл.

 

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 2

Мургаб району. Колхоздун председатели А. Шаиков, ферма башчысы У. Мамадмусаев.
«Бадахшони Совети» гезити 50(5726) 1975 жыл.

 

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 3Коммунист Анарбай Эрназаров Мургаб районундагы эң кары топоз багуучулардын бири.

Анын көз алдында туулган жери өзгөрдү; колхоздор түзүлдү, мектептер курулду, көптөгөн кыштактар пайда болду, азыркы кездеги турак үйлөр курулду. Анын ата-бабалары көчмөн кыргыздар качандыр бир убакта ыңгайлуу үйлөрдө жашайт деп ишенишмек эмес.

Бирок Анарбайды боз үйүн биротоло таштады дегенди билдирбейт.

Анарбай «Булуң-Көл» совхозунун чабаны. Кайсы чабан топоздорун алыскы бай жайыттарда багууну каалабайт ! Ошондуктан жайкысын Анарбай топоздорун жакшы жайыттарга айдайт.

Ал барган жерде боз үйү дайыма аны менен болот.

Баса, жайыттарды Анарбайдан жакшы билген адам болбосо керек. Ал отуз жылдан ашык убакыттан бери койлорун багып келе жатат. Ал эми ийгилик аны дайыма коштоп жүрөт, ал төл алууда жана мал чарбачылыгында жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүдө.

Жетишкендиктери жөнүндө анын сыйлыктары: «Ардак Белгиси» ордени, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, СССР Жогорку Советинин лрезидиумунун Ардак Грамотасы.

Анарбай Эрназаровдо 130 баш инектери бар. Ал алардан 115тен кем эмес торпок алууга милдеттенди. Бул областтын алтын юбилейине белек болот.

 

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 4

«Булуң-Көл» совхозунун мыкты чабандарынын бири, Социалисттик Мелдештин Баатыры Ибрагим Шаимов. Мургаб. Чыгыш Памир.

«Бадахшони Совети» гезити 50(5726) 1975 жыл.

 

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 6

Кадырмыш Тамашаев, Термечик Шерматов бир нече жылдан бери мелдешип келе жатышат. Бул чабандардын ич ара мелдеши Киров колгозунда зор кызыгууну туудурат. Тажрыйбалуу малчылардын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү жылдан-жылга жогорулоодо. Аба ырайынын катаал шарты да алардын малын өлүм-житимден сактап калууга жол бербейт. Тамашаев беш жылдыктын аныктоочу жылын ийгиликтүү орундатты, анын өндүрүштүк көрсөткүчтөрү колхоздо мыкты болду. Бул ага төрт жылдык тапшырманы ийгиликтүү орундатууга мүмкүндүк берди. Социалисттик мелдеште жетишкен ийгиликтери үчүн коммунист Кадырмыш Тамашаев III даржадагы "Эмгек Даңкы" ордени менен сыйланган.

Аяктоочу жылы эки чабан ар жүз тубар койдон 110дон козу, улак алууну максат кылып жатышат.

 

murgab-sovet-doorundagy-emgek-ardagerleri 5

Сүрөт кабарчы К. Махмуддун сүрөтүндө чабан Суксур Таабалдыевага орден тапшыруу учурун чагылдырган. Мургаб, Чыгыш Памир,
«Бадахшони Совети» гезити 50(5726) 1975-ж.

 

Абдижамил Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены