МУРГАБ: Сүннөт тоюна 42 бала чакырылды (сүрөт)

Өлкөбүздө салтка айланып бара жаткан аз камсыз болгон үй бүлөөлөрдүн балдарыны сүннөткө отургузуу жөрөлгөсүнө арналган салтанаттуу иш чара “Нооруз” майрамынын алдында Мургаб райондук МЖБАОны тарабынан райондун борборундагы "Байке" ресторанында уюштурулду.

 

Бул иш чарага Мургаб шаарчасынын Г.Бердибаев жамаатынын жана Ыраң-Көл жамаатынын Чечекти айылынан болуп жалпы 42 бала сүннөт тойго чакырылды. Бул иш чарага Мургаб районунун төрайымы Ражабзода Усния өзү катышып сүннөт той жөрөлгөсүнө келген бөбөктөрдү куттуктап, аларга баалуу белектерди тапшырды.

 

Ошондой эле райондун мекеме уюмдарынын жетекчилери, райондук ТЭДПын аткаруу комитетинин жетекчиси катышып аларда жарыш сөзгө чыгышып бөбөктөрдү куттукташты.

 

Андан сон балдардын ата-энелери сөзгө чыгышып ушул иш чараны уюштурган Мургаб районунун төрайымы Усния Ражабзодага терең ыраазычылыктарын билдиришти. Бөбөктөргө арналган сүннөт той салтанатынын акырында бөбөктөргө сый тамактар уюштурулуп, маданият бөлүмүнүн өнөрпоздорунун концерти тартууланды.

 

 

Нусратулло Исраилов

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены